2019-жылдын 3-декабрында, Элүүлүктүн 25-жумасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил ыйык тең апостолдук улуу князь Владимир соборунда майрам алдындагы сыйынууну аткарды.
Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун ключары архимандрит Пётр (Путиёв), Владимир соборунун башчысы протоиерей Алексей Зайцев, иерей Георгий Дворовой, иерей Николай Пелых, иерей Олег Белотуркин, иерей Илия Меляков.