Епископ Даниилдин Алматыдагы авиакырсыкта каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтуусу

  27 декабря 2019   На русском
Соболезнование епископа Даниила родным и близким погибших и пострадавших в авиакатастрофе в Алматы

Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Алматыда учактын кыйрашынын кесепетинде каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтты.

Кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар!

Бүгүн таң эрте Алматыдагы аэропорт тушта болгон авиакырсык адамдардын өмүрүн алды.

Бул оор каргаша жана орду толгус жоготуу болгон каза болгондордун бардык туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Мээримдүү Жараткандан бул оор сыноону көтөрүүгө, кайгыны басууга жардам берүүсүн жана туугандарына, жакындарына жана бул каргаша тынчын алган бардык адамдарга, жардамга муктаж болгондорго күч-кубат берүүсүн жана дарыланып жаткандардын баарына тезирээк сакайып кетүүгө көмөк кылышын суранам.

Терең кайгыруу менен,

Бишкек жана Кыргызстан епискобу




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.