Жалал-Абадда “Жаңы жылдык керемет” кайрымдуулук акциясы өттү

  30 декабря 2019   На русском
В Жалал-Абаде состоялась благотворительная акция «Новогоднее чудо»

2019-жылдын 27-декабрында Жалал-Абадда “Жаңы жылдык керемет” акциясы өттү. Акциянын максаты – жалгыз бой жашаган карыяларды Жаңы жылы менен куттуктоо болгон. Акциянын уюштрууучусу Славян диаспорасынын вице-президенти Ю.И. Котельников болду. Акцияга төмөндөгүлөр катышты: Демир Банк, Россломбард, “Назик”, “Адреналин” машыгуу залынын, “Билимкана-Жалал-Абад” жалпы билим берүү мектебинин, “Аю Ала-Бука” дүкөнүнүн жамааты. Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы «Успение Божией Матери» храмына келген адамдар дагы четте калган жок.
Акциянын жүрүшүндө болжол менен 75000 сом суммасында 110 азык-түлүк баштыгы топтолду, алар Октябрь айылындагы карыялар жана майыптар үйүнө жеткирилди. Бардык уюмдардын өкүлдөрү жылуу жана мээримдүү маанай менен белектерди бул үйдө жашагандарга тапшырышты. Эң кары адам Татьяна чоң апа 100 жашка чыккан, бирок ал дагы да тың жана маанайы ачык.

Администрация жана улгайган адамдар оор мезгилде аларды унутта калтырбаганы үчүн ыраазычылыгын билдиришти.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.