Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  31 декабря 2019   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2019-жылдын 31-декабрында, Элүүлүктүн 29-жумасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун Алексеев кошумча бөлүгүндө Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.
Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Пётр (Путиёв), иерей Георгий Дворовой, иерей Владимир Кусаинов.
Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин башчы Даниил архипастырлык сөзүн айтты.

“Кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар, чын жүрөктөн сиздерди кирип келаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Жараткан бул күнү боорукер жана жаркын болууга ыраазычылыгын берүүсүн, Жараткан ар бирибиздин жашообузду куткаруу ишинде башкаруусун, биздин руханий жана турмуш-тиричиликтик муктаждыктарыбызда жардам кылуусун өтүнөм. Жараткан Өзүнүн мээримдүүлүгү менен бирге тартуулап жаткан келе жаткан жыл тынч өтсүн. Бардыгыбыз үчүн руханий өркүндөөнү, Жараткандын ыраазычылыгына карай баскычта төмөн түшпөй, жогору чыгууну өтүнөм. Куткаруу иши адам тарабынан эмес, Кудай тарабынан жасалат, биз болгону тобо кылуу менен баарын кабыл алып, ыраазычылык, сабырдуулук жана тайсалдабаган ишеним менен Жаратканга кубаныч үчүн жана кайгы үчүн ыраазы болушубуз керек”.

Сөзүн аяктагандан кийин башчы Даниил причастниктерди ыйык Жараткандын Сырларын кабыл алуу менен куттуктады жана баарына архипастырлык батасын берди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.