Ош благочиниесинде Христтин Туулган күнүн тосуп алышты. Жалал-Абад шаарындагы Успения Божией Матери храмында майрамдык концерт өттү. Концертке «Сретение» жекшембилик мектеби, «Радонеж» жаштар клубу, ошондой эле Оштогу «Светоч» мектебинин тарбиялануучулары катышты.
Концертке чакырылган мейман катары Роскызматташтыктын жана Славян диаспорасынын өкүлдөрү катышты. Майрам шаңдуу жана достук маанайда өттү. Концерт аяктагандан кийин бардык каалоочулар куттук сөз сүйлөштү. Бардык балдарга белектер тапшырылды. Славян диаспорасынын жаштар канатынын өкүлү Ю. Котельников белек катары жекшембилик мектептин класстары үчүн Библия сюжеттери тартылган бир нече картинаны тартуулады.