Рождестводогу жакшы салттар

  09 января 2020   На русском
Добрые традиции на Рождество

2020-жылдын 8-январында, жакшы салтка айлангандай, Кара-Балта шаарындагы аялдардын психоневрологиялык диспансерине сапар жасалды. Сапар Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын социалдык кызмат кылуу бөлүмүнүн жана жаштардын иштери боюнча сектордун биргелешкен күч-аракети менен уюштурулду. Быйылкы жылы сапарга ыйык тең апостолдук улуу князь Владимир храмынын социалдык бөлүмү дагы кошулду.
Социалдык кызмат кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мекеменин камкордугуна алынган адамдар үчүн Аяз Атанын катышуусу менен костюмдаштырылган оюн даярдалган, аны өткөрүүгө православ жаштар кыймылынын волонтерлору жардам беришти. Оюндан кийин бардык катышуучуларга  таттуу белектер тартууланды.

Владимир храмынын социалдык бөлүмүнүн өкүлдөрү мекемеге керектүү турмуш-тиричилик буюмдарын жана кийим беришти. ПНД жетекчилиги рождестволук майрамды уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан волонтерлорго жана епрахиянын кызматкерлерине, ошондой эле каражаттарды жана гуманитардык жардамды топтоого көмөк көрсөтүшкөн бардык чиркөөгө келген адамдарга терең ыраазычылыгын билдиришти.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.