Жараткандын Чокунуусу майрамында епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын жана Сууга улуу керемет киргизүү чинин аткарды

  19 января 2020   На русском
В праздник Крещения Господа нашего Иисуса Христа, епископ Даниил совершил Божественную литургию и чин Великого освящения воды в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2020-жылдын 18-февралынан 19-февралга караган түнү, Элүүлүк боюнча 31-жумада, Жараткан жана бизди Куткаруучу Иисус Христтин Чокунуусу майрамында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын жетектеди жана Сууга улуу керемет киргизүү чинин аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Петр (Путиев), иерей Георгий Дворовой, иерей Владимир Кусаинов.

Кудайга сыйынуу литургиясы аяктагандан кийин башчы Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун аймагынын чыгыш бөлүгүндө Иорданда сууга улуу керемет киргизүү чинин аткарды.

Сууну ыйыктандырууну аяктагандан кийин, собордо епископ Даниил сыйынгандарга осуят сөзү менен кайрылды. Архипастырь бардыгын Жараткандын Чокунуусу жана Богоявления майрамы менен куттуктап, чиркөөгө келген адамдарга Иорданда болгон улуу окуянын маанисин түшүндүрүп берди. Богоявления окуясы Ыйык Үчилтиктин – Жараткан Иисустун, көгүчкөн түрүндө Андан төмөн Ыйык Рухтун жана Асмандан “Бул Менин сүйүктүү Уулум” деп жар салган Кудай Атанын көрүнүшү менен белгилүү.

“Жараткандын чокунуусу Иисус Христос үгүт ишине киришип жатып, Иоанн Предтечиге чокунуу үчүн Иордан суусуна келгенде орун алат. Жараткан Мыйзам жана осуяттар ушундай аткарылышы керектигин айтат. Дал ошондой болот. Сууга кирип жатып, Жараткан бизге Жаңы осуяттык чокунуу үлгүсүн берет. Ошондуктан суудан чыгып жатып, Ал төмөнкүдөй сөздөрдү айтат – “ким Ыйык Рухтан жана суудан жаралбаса, ал Кудайдын Падышачылыгына кирбейт”. Биз үчүн бул сөздөр – мыйзамдын негизи. Баарыбыз бир кезде суу менен күнөөлөрүбүздү жууп, жаңы жашоого кирип жана христиан болуу менен, жеке чокунуу купели аркылуу өтөбүз.

Кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар ыйык – улуу агиасманы ыраазычылык менен кабыл алыңыздар. Бул ыйык биз аны пайдаланып, баары үчүн Жаратканга ыраазычылык билдирүү менен, аны өз үйүбүзгө бүркүү үчүн берилген. Баарыңыздарды улуу майрам менен куттуктайм! Биздин куткарылуу жолубузда жана Түбөлүк Жашоону мурастоодо Кудайдын жардам кылуусун, дене бой жана жан дүйнө саламаттыгын каалайм. Аминь».

Жараткандын Чокунуусу жана Богоявления майрамы менен!




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.