Ортоазиялык митрополиттик округдун Башчысынын Кыргызстанга архипастырлык сапары. Митрополит Викентий жана епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарышты

  21 января 2020   На русском
Архипастырский визит Главы Среднеазиатского митрополичьего округа в Кыргызстан. Митрополит Викентий и епископ Даниил совершили Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2020-жылдын 20-январында кечинде Бишкекке архипастырлык сапары менен Ортоазиялык митрополиттик округдун башчысы, Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий келди.

2020-жылдын 21-январында, Элүүлүктүн 32-жумасында, Богоявления майрамында митрополит Викентий епископ Даниилдин жана Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматкерлеринин кызмат өтөөсү менен Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Кудайга сыйынуу литургиясын аяктагандан кийин башчы Викентий чиркөөгө келгендерди Рождество жана Жараткандын Чокунуусу майрамдарыы менен куттуктады. “Жараткан бизди куткаруу ишин аткаруу үчүн Ыйык Рухтан жана Мария Девадан жаралып, жерге келет. Ал бизди асманга көтөрүү үчүн жерге келет. Ал бизди көптөгөн жамандыктан, кайгыдан жана оорудан арылтуу үчүн жерге келет. Жараткан күнөөгө баткан адамзатты аяп жана бизди бул жамандыктан коргоду. Бул күнөөлүү адамзатка карата мээримдүүлүк жана сүйүү. Жараткан азыркыга чейин бул сүйүүнү көрсөтүп келет, биз ушул майрам күндөрү муну өзгөчө сезебиз. Бул улуу майрамдар бизди кубандырат, шыктандырат жана жашоо жолунда бизди чыйралтат”. Өз сөзүн аяктап жатып башчы митрополит Кыргызстандын бардык православдарына куткарылууну, жан дүйнө жана дене бой күч-кубатын каалады, епископ Даниилди майрамы менен куттуктады. “Бул күндөрү Жараткан жөнөтүп жаткан береке Сизди ушул даңктуу, берекелүү кафедрада Сиздин архипастырлык кызмат өтөөңүздө бекемдесин. Кыргызстандагы православ жашоосу гүлдөп өнүгүүсү үчүн Сиз өз аракетиңиз жана умтулууңуз менен бардык жөндөмүңүздү көрсөтүп жатканыңызга ыраазыбыз”.

Өз сөзүндө епископ Даниил митрополит Викентийге архипастырлык сапары үчүн ыраазычылык билдирди. “Кымбаттуу биздин башчыбыз Митрополит, Сизге жасаган эмгектериңиз үчүн, биздин храмдарда кызмат кылуу үчүн биздин жерге келгениңизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Бүгүн Сиз Жараткан ушул ыйык күндөрү бирге берген жаңылануулар жөнүндө айттыңыз, бул жаңыланууда сиздин динге ынанымыңыз ишке ашат. Жана бул жаңыланууда биз улуу үмүттү жана руханий жашоодогу бекемдөөнү таба алабыз. Башчыбыз, Кудай Сизге Ортоазиялык Митрополиттик округдун жыргалычылыгында жасап жаткан, биздин кафедраларга келип, биздин православ калкыбызды зор сүйүү менен тосуп алып жаткан ишиңизде бекемдикти жана күч-кубатты берсин. Биз өз сүйүүбүз менен сыйынып дайыма Сизди колдойбуз. Кудай Эне Өзүнүн камкордугу менен Сизди дайыма сактап жүрсүн, ортоазиялык ыйыктар собору өздөрүнүн сыйынуулары менен Сизди улуу кызмат өтөөңүздө бекемдесин”.

Амандашуу сөзүн аяктагандан кийин митрополит Викентий чиркөөгө келгендерге архипастырлык ыраазычылыгын берди.

22-январда митрополит Викентий Беловодское айылындагы Архистратиг Божий Михаил храмында жана 23-январда Бишкектеги Владимир соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарат.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.