Епископ Даниил жана епископ Паисий Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарышты

  12 февраля 2020   На русском
Епископ Даниил и епископ Паисий совершили Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2020-жылдын 12-февралында, мытарь жана фарисей жумалыгында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил жана Яранск жана Луза епискобу Паисий Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарышты.
Башчылар менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Пётр (Путиёв), протоиерей Андрей Кунавин, протоиерей Андрей Борисенко, иерей Владимир Кусаинов.
Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин башчы Паисий Ыйык-Воскресенск соборунун дин кызматкерлерине жана чиркөөгө келген адамдарга амандашуу сөзүн айтып жана Ааламдык Чиркөөнүн үч ыйыгы – Улуу Василий, Григорий Богослов, Иоанн Златоуст урматына арналган майрам менен куттуктады. Епископ Паисий ошондой эле епископ Даниилди келе жаткан мааракеси – кырк жылдыгы менен куттуктады. Ыйык Чиркөөнүн урматына Кудай Тагында башчы кызматын узак өтөөнү каалады. Вятка жеринен эстелик катары епископ Паисий башчы Даниилге ыйык Спиридон Тримифунтскийдин кейиби түшүрүлгөн жана дизайнердик жабуусу менен панагияны тартуулады.
Жооп сөзүндө епископ Даниил башчы Паисийге сапар тартып келгени, куттуктоосу жана белеги үчүн ыраазычылык билдирди. Соборго келген адамдарга кайрылып жатып, башчы анын кубанычы жана тынчтыгы Кудай элинде храмга келүү жана Чиркөө Сырларына катышуу мүмкүнчүлүгү болгондо камтылаарын айтты. Жерде ынтымак жана тынчтык орносо, православ дини бекемдейт. Андан кийин башчы Даниил келгендерге ден соолук каалап, баарына архиерейлик ыраазычылыгын берди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.