Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда салтанаттуу коомдук сыйынууну аткарды. Дин кызматкерлери жана чиркөө мүчөлөрү башчыны келе жаткан кырк жылдык мааракеси менен куттукташты

  15 февраля 2020   На русском
Епископ Даниил совершил Всенощное бдение в Свято-Воскресенском кафедральном соборе. Духовенство и миряне поздравили владыку с наступающим сорокалетним юбилеем

2020-жылдын 14-февралында, 1-даярдык жумалыгында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда салтанаттуу коомдук сыйынууну (Всенощное бдение) аткарды. Улуу урматтуу Аны менен Бишкек епархиясынын дин кызматкерлери кызмат өтөштү.

Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин епархиянын катчысы иерей Александр Пелин дин кызматкерлеринин жана епархия бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин атынан епископ Даниилди келе жаткан кырк жылдык мааракеси менен куттуктады.

2020-жылдын 16-февралында Кыргызстандагы Орус Православ Чиркөөсүнүн Башчысы 40 жашка чыгат.

Улуу урматтуу,

Преосвященный ДАНИИЛ,

Бишкек жана Кыргызстан епискобу

Улуу урматтуу, биздин ардактуу Башчыбыз!

    Сизди чын жүрөктөн туулган күнүңүз жана жаркыраган мааракеңиз менен куттуктайбыз!

    Жараткан Кудай, Сизди Өзүнүн керемет жарыгына (1Пет 2:9) чакырган Өзүнүн Жакшы Ою менен, Сизге сөз менен айтып бүткүс Өз тартуусун (2Кор 9:15) – адамзат өмүрүнүн кереметин тартуулаган, Сиз өзүңүздү Христке – Пастыреначальникке ишенип тапшырып, Анын Ыйык Чиркөөсүнө кызмат кылууда Руханий сырлардын ишенимдүү куруучусу сыяктуу кызмат өтөп келесиз!

    Сиз аталык камкордугуңуз жана сыйынууларыңыз менен биздин жан дүйнөбүздү жылытып, өзүңүздүн акылман жана дем берүүчү сөздөрүңүз менен сооротуп жана бизге өз ыраазычылыгыңыз менен дем берип келесиз, биз – Сиздин сүйүктүү пастваларыңыз жана көп сандаган руханий балдарыңыз үчүн, Сиз «насаат айтуу менен жакын адамына жагуу" (Рим 15:2) сыяктуу ачык үлгү болуп саналасыз!

    Сын дилибизден Сизге   чын ден соолук жана узак өмүр, дене бой жана жан дүйнө бекемдигин, Сиздин Кыргыз жергесинде мындан аркы архипастырлык кызматыңызда Кудайдын берешен жана мээримдүү жардамын каалайбыз!

    Ис полла эти деспота! Узак өмүр жана жаркын жашоо каалайбыз!

   Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматкерлери жана мүчөлөрү. 









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.