Ортоазиялык митрополиттик округдун III православ жаштарынын ар жылдык епархия аралык форуму Ташкент жана Өзбекстан епархиясынын Диний-административдик борборунда өттү.
2020-жылдын 17-февралында бул форумдун салтанаттуу ачылышы өттү. Форумдун бул жолку темасы Улуу Ата мекендик Согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган: “Улуу Жеңиш: мурас жана мураскорлор”. Салт болгондой форумга Өзбекстан, Түркмөнстан, Кыргызстан жан Тажикистан приходдорунун жаштар бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү келишкен.
Форумга Ортоазиялык митрополиттик округдун башчысы Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий жана Омск жана Таврия митрополити Владимир катышты.
Бишкек епархиясынын атынан форумдун ишине иерей Илия Меляков жана Бишкектин, Таластын жана Сокулуктун православ чиркөөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.