2020-жылдын 25-февралында, сүрбыштак жумалыгында, Москва жана бүтүндөй Орус митрополити керемет жаратуучу, ыйык Алексийди эскерүү күнү, протоиерей Андрей Борисенко иерей Андрей Андреевдин кызмат өтөөсүндө Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.
Литургияны аяктагандан кийин храмды тегерете Кресттик жүрүш жасалды. Ыйык Алексийдин өмүр баяны жөнүндө осуяттан кийин Алексей ысымы менен чиркөөгө келгендерге узун өмүр тилеген ыр ырдалды.
Москва жана бүтүндөй Орус митрополити керемет жаратуучу, ыйык Алексий (Елевферий) 1292-жылы Москвада Серниговск княздыгынан чыккан боярин Феодор Бяконттун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Жараткан келечектеги ыйыктын анын жогорку даражасын эрте ачкан. Он эки жашында Елевферий чымчык кармоо үчүн тор жаят, байкабастан уктап кетет жана бир маалда даана угулган добушту эшитет: “Алексий! Бекер убара болуп жатасыңбы? Сен адамдарды кармайсың”. Ушул күндөн тартып чиркөөгө көп келип баштайт жана он беш жашында инок болууну чечет.
1320-жылы ал Москвадагы Богоявленский монастырына тапшырат, ал жакта жыйырма жылдан ашык катуу иноктук жеңиштерди жасайт. Анын жетекчилери жана достору - карыя Геронтий жана Стефан, ыйык Сергий Радонежскийдин бир тууганы болгон. Андан кийин митрополит Феогност келечектеги святителге монастырдан кетип жана Чиркөөнүн сот иштерин башкарууну тапшырат. Бул кызматты ал митрополиттик наместник наамы менен 12 жыл аткарган.
1350-жылдын аягында башчы Феогност Алексийди Владимирск епискобу кылат, ал эми митрополит өлгөндөн кийин 1354-жылы анын ишин улантуучу болуп калат. Ошол убакта Орус Чиркөөсү Литва жана Волынь митрополити Романдын дооматтарынан улам чачыранды жана чыр-чатактуу болгон. 1356-жылы коркунучтарды жана бүлгүндү токтотуу үчүн, агартуучу Ааламдык Патриархка Константинополго жөнөйт. Патриарх Каллист Алексийге «улуу урматтуу митрополит жана экзарх» титулу менен Киев жана улуу Россия архиепискобу катары эсептелүү укугун берет. Кайра келатканда бороон болуп жатканда деңизде кеме кыйроо коркунучуна кабылат. Алексий сыйынат жана кеме жээкке токтогон күнү храм куруу убадасын берет. Бороон басылат, кеме 16-августта жээкке токтойт.
Москва святителди кубануу менен тосуп алат. Бардык козголоңго карабастан, святитель Алексий өзүнүн паствасына кам көрөт – епископторду коет, жалпы монастырларды курат (Ыйык Сергий негиздеген Троицк үлгүсү боюнча), ордо хандары менен мамилелерди жолго салат. Ал өзү дагы бир нече жолу Алтын Ордого саякаттап барып келет. 1357-жылы хан улуу княздан святитель ага келип жана көзү сокур Тайдуланы – анын аялын айыктырууну тапшырат. “Кечирим жана кылган ишим менин күчүмдү арттырат, - дейт ыйык Алексий, - бирок мен сокур адамга көз бергенге ишенем, - Ал ишеним менен сыйынууну кур калтырбайт”. Чындап эле, анын сыйынуусу менен, ыйык суу себилген хандын жубайы сакайып кетет.
Улуу князь Иоанн каза болгондо, святитель анын кичинекей уулу Димитрийди (келечектеги Донский) өзүнүн камкордугуна алат. Ал Москва бийлигин таанууну каалабаган кежир княздарды элдештирүү жана жоошутуу үчүн көп эмгек кылат. Муну менен катар митрополит жаңы монастырларды курууну дагы унутпайт. Ал Константинополго сапарында кеме кырсыкка кабылганда берген убадасы боюнча, 1361-жылы Москвадагы Яузада монастырь негизделген (Андроников, ыйык Сергийдин окуучусунун, монастырдын биринчи игуменинин атынан); Москва Кремлинде эки байыркы монастыр калыбына келтирилген – Нижний Новгороддогу Благовещенская жана Владимирдеги Константино-Еленинская. 1361-жылы анын атындагы (Алексеевская) аялдардын монастыры курулган.
Святитель Алексий 1378-жылы 12-февралда каза болгон жана керези боюнча Чудов монастырында сөөгү коюлган. Анын сөөгү 50 жылдан кийин кереметтүү түрдө табылган, андан кийин улуу святителди жана Орус жери үчүн сыйынуучуну эскерип башташкан.