Улуу посттун биринчи күнү епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Андрей Критскийдин канонун окуу менен кечки сыйынууну аткарды

  02 марта 2020   На русском
В первый день Великого поста епископ Даниил совершил повечерие с чтением канона Андрея Критского в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2020-жылдын 2-мартында, Улуу посттун биринчи жумасынын дүйшөмбүсүндө, Преосвященнейший Даниил, Бишкек жана Кыргызстан епискобу, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Андрей Критскийдин канонун окуу менен кечки сыйынууну аткарды.

Канон окулуп бүткөндөн жана кечки сыйынуу аяктагандан кийин башчы Даниил чиркөөгө келгендерге осуят сөзү менен кайрылды.

“Андрей Критскийдин канонун окуу убагында аткарыла турган ырлар биздин жүрөгүбүздү – тобо кылуу эмне экенин терең түшүнүүгө жакындатат. Канонду окуган убакта биз Адам менен Евадан тартып Христтин мезгилине чейин адамдын күнөөгө батуу тарыхына сүңгүп киребиз. Биз төмөнкүдөй сөздөрдү угабыз, мисалы, биз жакшынын артынан түшкөн жокпуз, жамандын артынан түштүк. Биз эски осуят мезгилиндеги такыба эмес адамдардан жана жаңы осуят мезгилиндеги тобо кылбаган адамдардан үлгү алдык. Андрей Критскийдин канону бизди үндөйт, бирок бизди сынга албайт. Ал бизге эскертет, бирок бизге өкүм чыгарбайт. Андрей Критскийдин канону бизге жан дүйнөбүз такыба адамдарды угушу керектигин айтат. Канондун акыркы, тогузунчу ыры негизинен Кудай энеге арналган. Ушул ырда биз Жараткан Христти крестке керүүдө тобо кылган мытарды дагы, адашканды дагы жана каракчыны дагы укканын уга алабыз. Андрей Критскийдин канону – бул Кудайдын сүйүүсү, ал бизге жыл сайын – “жан дүйнө ойгон” деп эскертет. Көбүнчө биз көр тирлик менен алышып, руханий жалкоолукка ккелебиз. Бирок биз жан дүйнөбүз жөнүндө эстегенде, биздин жан дүйнөбүз ал эмнеге багытталышы керектигин эстейт. Дал ушул учурда ойгонобуз. Кээде биз коркуп кетебиз. Кээде адамдар кайгыга батышат. Бирок кайгыга батуунун кереги жок. Эч ким аппак эмес. Жалгыз Кудай таза. Ар бир адам күнөө кылат. Албетте, күнөөнүн ченеми ар кандай. Кимдир бирөө көбүрөөк кылат, кимдир бирөө азыраак. Бирок эч кимибиз кимдир бирөөнүн кылган күнөөсүн сынга албашыбыз керек. Биз башка адамдардын күнөөсүн карабашыбыз керек. Биз өз жашообузду көзөмөлдөшүбүз керек. Ал эми башка адамдардан жакшы нерсени көрө билүү зарыл. Ошентип, Улуу пост убагында бизге бериле турган бардык каражаттар акылыбызга келтирет. Андрей Критскийдин канону дагы – посттун биринчи күнү бизди акылга келтирет жана тобо кылуу ниетине каныктырат”.

Преосвященный Ал Улуу Посттон берекелүү өтүүгө Кудайдын элине ыраазычылыгын берди жана бардык адамдарга руханий акылына келүүнү, өзүнүн жан дүйнөсүнө терең көңүл бурууну жана кылган күнөөсүнө чын дилден тобо кылууну каалады.

«Тобо кылуу – бул жан дүйнөнүн абалы. Ал жок жерден алынбайт. Руханий эмгек кылууда, ал бойго бүткөн баладай, бизде пайда болот жана акырындык менен өсөт. Жараткан биздин тобо кылышыбызды күтөт».




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.