2020-жылдын 3-мартында, Улуу Посттун биринчи жумасынын шейшембисинде, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил ыйык тең апостолдук улуу князь Владимир соборунда преподобный Андрей Критский тобо кылуу канонун окуду.
Андрей Критскийдин канонунда 250 ыр (тропарь) бар. Ар бир тропарь «Помилуй мя, Боже, помилуй мя» псалом кайырмасы менен аяктайт. Канондун тексти кылган күнөөсү үчүн өкүнүү сезимине толгон жана Эски осуяттын бардык окуяларын: Адам менен Еванын күнөөгө батуусунан тартып Иисус Христтин жердеги жашоосуна чейин камтыйт. Эски осуяттын жана жаңы осуяттын сюжеттери бул жерде адамдын сезими аркылуу чагылдырылат: биринчи жактын атынан баяндалат.
Кудай менен айрылышуу жана Аны сагынуу; күнөөнү астында сенин алсыздыгынды сезүү; такыба жашоо жана Кудайга чын дилден сыйынуу гана сени куткара алат. Андрей Критский боюнча, бизде бейишке кайтуунун жана кайрадан Кудай менен биригүүнүн бирден бир мүмкүнчүлүгү – тобо кылуу.