Епископ Даниил княгина Ольга храмында мурда касиет киргизилген тартуулар литургиясын аткарды

  04 марта 2020   На русском
Епископ Даниил совершил литургию преждеосвященных даров в храме княгини Ольги

2020-жылдын 4-мартында, Улуу посттун биринчи жумасынын шаршемби күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил ыйык тең апостолдук улуу княгина Ольга храмында мурда касиет киргизилген тартуулар литургиясын аткарды.

Преосвященный Аны менен кызмат өтөштү: архимандрит Пётр (Путиёв),  протоиерей Алексей Зайцев, протоиерей Алексей Сыромятников, иерей Николай Пелых, иерей Олег Белотуркин.

Улуу посттун 1-жумасында салт боюнча православ христиандарынын көпчүлүгү тобо кылууга жана причастиеге өзгөчө багытталган даярдыктан кийин, негизинен ишемби же жекшемби күнү Ыйык Христтин Сырларына киришет. Мурда касиет киргизилген тартуулар литургиясынан кийин 1-жумада оорусунан же кандайдыр бир жүйөлүү себептен улам ушул өзгөчө улуу посттук жумада беш күн орозо тута албагандар нан жана шараптан ооз тийүү жөрөлгөсүн аткарышат. Калган улуу посттук жумада Мурда касиет киргизилген тартуулардан кийин, ымыркайлардан тышкары бардык каалоочулар ооз тийишет, ымыркайлар толук литургиядан кийин гана ооз тийишет.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.