14-август – Жараткандын Өмүр берүүчү Крестинин Жыгачтарынын келип чыгышы (жаралышы). «Медовый Спас» ачык жарманкеси

  15 августа 2022   На русском
14 августа - Происхождение (изнесение) Честных Древ Животворящего Креста Господня. Открытие ярмарки «Медовый Спас»

2022-жылдын 14-августунда Жараткандын Өмүр берүүчү Крестинин Жыгачтарынын келип чыгуу (жаралуу) күнү Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда таң эрте жана кечинде Кудайга сыйынуу литургиясы өттү. 14-август Мээримдүү Куткаруучунун жана Ыйык Кудай эненин майрамы болуп саналат. Салтка ылайык, бул күнү чиркөөдө Кудайга сыйынуу литургиясынан кийин жаңы чогултулган балды жана жаңы түшүмдү ыйыктоо иш-чарасы өткөрүлөт.

Собор аянтында «Медовый Спас» жарманкеси ачылып, анда Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы приходдордон келген, «Мээрим Булагы» балдар үйүнүн балчылары, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын катышуучулары кол өнөрчүлүк буюмдары менен, жеке ишкерлер катышты.

Таңкы литургиядан кийин епископ Савватий балды ыйыктоо дубасын окуду, андан кийин чатырчаларга өтүп, коюлган товарларга ыйык суу чачты.

Жарманкени өткөрүү үчүн епархия жарманке орундарын уюштурган, шаймандарды берген. Кечки литургиядан кийин майрамдык музыкалык программа башталды.

Концертке катышууга 15 жамаат өтүнмө берген. Алардын курамына элдик хор жамааттары, Белорус диаспорасынын хору кирди. Балдар, өспүрүмдөр жана жаштар бий топтору да катышты. Үлгүлүү жамаат, эл аралык сынактардын лауреаты – «Улыбка» хореографиялык ансамбли көрүүчүлөрдү «Самоор» тамашалуу номери менен кубандырды. Автордук ырларды аткаруучулар катышты. Галина Кетова театралдык студиядагы окуучулары менен катышты. «Хмель» казак ансамбли епархиянын жакшы досу, алар биздин бардык иш-чараларга катышат. «Наследие» казактардын интернационалдык биримдигинин бий жамааты. Биринчи жолу епархиянын иш-чарасына «Ата-Журт» карачайлар ассоциациясынын «Учкулан» элдик хореографиялык ансамбли катышты. Маданий программаны уюштурган чиркөө ыры бөлүмү Вера Евгеньевна Спицынага көптөгөн аткаруучуларды тартканы үчүн ыраазычылык билдирет. Көрүүчүлөр да, жамааттар да мындай иш-чарага катышуу – ыракат тартуулай турганын белгилешти.

Успенский постунун башталышы менен!




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.