Ыйык булуңдагы Кудай Энесинин Смоленск иконасы храмындагы полиелей кызматы

  24 августа 2022   На русском
Полиелейная служба в храме Смоленской иконы Божией Матери на Светлом Мысу

24-августта 1916-жылы болгон Ысык-Көлдөгү Ыйык Троица эркектер монастрына козголоңчулардын чабуулу эскерилди.

Унутулгус датаны утурлай кечинде епископ Савватий Ыйык булуңдагы «Мээрим булагы» балдар үйүнүн аймагындагы Кудай Эненин Смоленск иконасы чиркөөсүндө полиелей кызматын өткөрдү.

Сыйынуунун соңунда Чыгыш округунун благочинныйы протоиерей Сергей Чувичкин катышкандарга насаат сөзүн айтты, анда монастрдын тарыхы тууралуу айтып берип, монастрь миссионердик деп аталганын, бирок түз дин жайылтуу иштери менен алектенбегенин жана жергиликтүү калкты айыл чарба ишин жүргүзүүгө үйрөткөнүн белгиледи. Сергей ата монастрга козголоңчулардын кол салуусуна, монахтарды өлтүрүүгө жана 1917-жылдагы революциядан кийин монастрдын толук кыйрашы тууралуу темага токтолду.

Насаат видеосу:









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.