2022-жылдын 24-августунда козголоң учурунда Ыйык-Троицк монастрынын бейкүнөө өлтүрүлгөн монахтарын эскерүү күнү, Кудай Энесинин Смоленск иконасы храмында, «Мээрим Булагы» балдар үйүнүн аймагында епископ Савватий Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.
Литургиянын аягында Улуу урматтуу динге ишенгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды, анда ал көтөрүлүш жана монастрга кол салуу тарыхын айтып берди, келечекте мындай окуяларга жол бербеш үчүн бул окуяларды эскерип туруу зарыл экенин баса белгиледи. Боордош элдерде аларды бириктирип турган көп нерсе бар. Башчы өз кайрылуусунда «Манас» эпосунун маанилүү осуяттарына токтолуп, кыргыздардын бул маданий жана адабий мурасында баатырдык эрдиктерди белгилөө менен бирге, тынчтыкты сактоо жана улуу максаттар үчүн биригүү зарылчылыгы тууралуу көптөгөн чакырыктар бар экенин белгиледи. Бири-бирибиз менен ынтымакта, биримдикте гана ар кандай кыйынчылыктарга, келишпестиктерге туруштук бере аларыбызды адамдарга түшүндүрүү керек. Мисалы, Улуу ата мекендик согушта кыргызстандыктар фронтко аттанган, ал эми карапайым калк блокадалык Ленинграддан жетим балдарды кабыл алган. Токтогон Алтыбасаров 16 жаш курагында 150 баланы кабыл алган, аларды тарбиялаган.
Башчы кыргыздар башынан эле ар кандай дүйнө таанымдарына жана диндерге сый-урмат менен мамиле кыла турганын белгиледи. Архипастырлык сөзүндө жалпы тарых менен байланышкан жана жалпы жеңиштерге ээ болгон элибиздин улуттук жана салттуу баалуулуктарын биргеликте сактоо зарылчылыгы жөнүндө айтылды.
Андан кийин мурдагы монастрдын аймагында кресттик жүрүш жасалды жана өлтүрүлгөн монахтар эскерилди.
Насаат видеосу: