2022-жылдын 24-августунда Түштүк округ боюнча благочинный протоиерей Виктор Реймген дикон Дионисий Зорин менен бирге Ленин чокусунун этегиндеги Ачык-Таш базалык лагеринде ыраазычылык молебенин өткөрдү. Альпинисттер чогулуп, сыйынышты, андан соң өлгөн альпинисттердин сөөгү көмүлгөн жерге барышып, маркумдарды эскеришти.
1990-жылы Ленин чокусунда 43 альпинисттин кар көчкүнүн астында каза болушу дүйнөлүк альпинизмдеги эң чоң трагедия болгон. Алардын көпчүлүгү Ленинграддагы электр-техникалык институттан болушкан. Ошол трагедияда эки адам гана аман калган. Алардын бири - Алексей Корень, дээрлик жыл сайын келип, жайында мөңгү эригенде чыгып калган каза болгондордун сөөгүн көмүп кетет.
Бул сапар РФ ГК Оштогу консулу Бахтин Константин Владимировичтин катышуусунда жана колдоосунда уюштурулган.
Жараткан баарыбызды сактай көр!