Москва жана бүткүл Орус Патриархы Кириллдин Сергектик күнүнө карата кайрылуусу

  11 сентября 2022   На русском
Обращение Святейшего Патриарха Московского и всея Руси Кирилла по случаю Дня трезвости

МОСКВА ЖАНА БҮТКҮЛ ОРУС ПАТРИАРХЫ КИРИЛЛ

 

11.09.2022-ж. 115191, Москва, Даниловский вал көч., 22-үй

 

01/4747

 

Сергектик күнүнө карата кайрылуу

(2022-ж. 11-сентябры)

 

Урматтуу архипастырлар, ардактуу аталар, кымбаттуу ага-инилер жана эже карындаштар!

 

Бүгүн биз ыйык Иоанн Предтечинин азаптуу өлүмүн эскерип жатабыз, ал падыша Ироддун буйругу боюнча кылыч менен башы алынган. Бүгүнкү күнгө чейин Чиркөө катуу пост менен өткөрүүгө чакырат, анткени дал ушул кармана албастык каргашалуу окуянын себеби болгон. Шарап жайнаган жайыл дасторкон башкаруучунун аң-сезимин өзгөртүп, ал Кудайдын пайгамбарын жазалоону чечкен, ал соо абалда «ал адил жана ыйык адам экенин билип коркуп, ага кам көргөн; аны угуп, көп иштерди жасаган» (Мк 6, 20).

Биз руханий сактыгыбызды жоготуп албашыбыз үчүн, Орус Чиркөөсү, мээримдүү камкорчу катары, революцияга чейинки жакшы салтты жандандырып, өзгөчө Сергектик күнүн белгилеген. Кереметтүү ачылыштарга жана зор тажрыйбага таянуу менен, Ал ашыкча тамактан жана кулмак ичимдиктерин ичүүдөн кармана албастык жакшылыкка алып келбестигин тастыктайт, муну биз падыша Ироддун мисалында көрө алабыз.

Бардык уялып кысылуу жана кооптонуу, камкордук жана кыйынчылыктар, адам жашоодо кандай сыноолорго кабылбасын, алар алкоголдун жана башка мас кылуучу каражаттардын жардамы менен эмес, бекем ишеним жана өзүн Жаратуучунун эркине берүү менен ийгиликтүү жеңилет. Ушундай жол менен гана жүрөктө тынчтык жана кубаныч орнойт, адамга бардык болуп жаткан окуяларды адекваттуу баалоо, туура тыянак жасоо жана туура чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Ошентип, «сергек жана соо бололу» (1 Фес. 5,6), жашообуз такыбалыкта жана тазалыкта өтсүн, мында Иоанн Предтечи жана Чокундуруучуга сыйынуу менен Мээримдүү Куткаруучу бизге жардам берсин.

 

 

МОСКВА ЖАНА БҮТКҮЛ ОРУС ПАТРИАРХЫ









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.