Иоанн Чокундуруучуну эскерүү күнүн белгилөө. Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда архиерейлик сыйынуу

  11 сентября 2022   На русском
Празднование Усекновения главы Пророка, Предтечи и Крестителя Господня Иоанна. Архиерейское богослужение в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2022-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарындагы Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Иоанн Чокундуруучуну эскерүү күнү болду. Бул майрам күнү епископ Савватий Сыйынуу Литургиясын аткарды. Андан кийин Улуу урматтуу чиркөөгө келгендерге осуят сөзү менен кайрылды, анда ал Иоанн Чокундуруучу күнөөнү ашкере кылуу үчүн, Кудайдын чындыгы үчүн азап тартканы жөнүндө айтып берди. Ошондо дагы жана азыр дагы адамдардын жан дүйнөсү үчүн тынымсыз согуш жүрүп жатат – шайтан адамдын жүрөгүндө Кудай менен күрөшүп жатат.
Башчы заманбап жашоо көпчүлүк адамдардын өзүнүн куткарылуусуна көңүл кош мамиле кылганы менен мүнөздөлө турганын белгиледи. Адам Кудайдын ордуна өзүн койду. Ыйык жазууда адам өзүнө ыңгайлуу жана ыктуу болгондой, жашоодо Кудайдыкын эмес, өзүнүкүн издей турганы айтылган. Тилекке каршы, Евангелиени болгону угабыз, балким окуйбуз. Бирок аткарбайбыз. Ошондуктан жан дүйнө үчүн пайда эмес, ыракат алабыз. Иоанн Куткаруучуну ыракаттануу менен уккан Ирод сыяктуу. Күнөөгө батып жашайбыз жана ыйык аталарбыз шайтандын ийнеси деп атаган ыракаттануу аркылуу кумардын кулу болобуз.
Архипастырь
бүгүн жыргалчылыктын зыяндуулугун эстеп, Жараткандан ишенимибизди бекемдеп, жан дүйнөбүздү бузган нерселерден сактоосун суранууга чакырды. Иоанн Чокундуруучудан бизди күнөөлүү ырахаттануудан куткаруусун суранууга үндөдү.
Литургиянын аягында шарап ичүү адатынан жабыркагандар жөнүндө молебен өткөрүлдү.

Видео:




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.