Республиканын борборундагы Успенск кафедралык соборунда Казакстан жеринде азап чегүүчүлөрдү жана исповедниктерди эскерүү күнүнүн алдындагы кечки сыйынуу (всенощное бдение)

  19 сентября 2022   На русском
Всенощное бдение в канун собора новомучеников и исповедников Казахстанских в Успенском кафедральном соборе столицы Республики

2022-жылдын 17-сентябрында, Казакстан жеринде азап чегүүчүлөрдү жана исповедниктерди эскерүү күнү Успенск кафедралык соборунда салтанаттуу кечки сыйынуу (всенощное бдение) өттү.

Казакстан жериндеги азап чегүүчүлөр жана исповедниктер ыйык азап чегүүчү Пименди, Верный жана Семиреченский епискобун эскерүү күнүнөн кийинки биринчи жекшембиде (жаңы стиль боюнча 16-сентябрь) эскерилет.

Сыйынууну Павлодар жана Экибастуз архиепискобу Варнава Бишкек жана Кыргызстан епискобу Савватий, Актобо жана Кызылорда епискобу Игнатий; собордун кызматкерлери, мейман архипастырлар менен келген дин кызматкерлери, Астана благочиниесинин клириктери менен бирге аткарды.

Кечки сыйынууда (всенощное бдение) төмөндөгүлөр: Казакстандын Православ чиркөөсүнүн башчысы Астана жана Казакстан митрополити Александр, архиепископ Антоний (Москаленко), Казакстан митрополиттик округунун архипастырлары сыйынышты.

Храмда динге ишенгендердин рухий жактан жайлуулугу жана бекемделиши үчүн Казакстандын жаңы азап чегүүчүлөрү менен исоведниктеринин эстеликтери салынган кеме болгон.

Полиелейде дин кызматкерлери өз эрдигин Казакстанда жасаган, Христ үчүн азап чегүүчүлөрдү даңазалап ырдашты.

Евангелиеден бир үзүм окугандан кийин митрополит Александр архипастырларды, дин кызматкерлерин жана чиркөөгө келген адамдарды жекшембидеги кубаныч жана бардык казакстандык ыйыктардын урматына майрамдоо менен куттуктап, чогулгандарга насаат сөзү менен кайрылды.

Сыйынууга катышкандарга канонду окуу убагында ыйыкталган елей шыбалды.

Майрам күнү Казакстан митрополиттик округунун башчысы Успенск кафедралык соборунда Сыйынуу Литургиясын аткарат. Башталышы саат 9:30.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.