2022-жылдын 25-сентябрында, Кудай Эненин Туулган күнүнүн урматына епископ Савватий Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда сыйынуу литургиясын аткарды.
Литургиядан кийин башчы чиркөөгө келгендерге осуят сөз менен кайрылды. Өз сөзүндө башчы Баткен облусундагы чек ара чыр-чатагы убагында жабыркагандарга карата мээримдүүлүк жана кайрымдуулук жөнүндө айтты.
«Мындай адамдар бир жолу жардам берүүгө эмес, туруктуу жардамга муктаж. Анткени, аларда жөнөкөй нерселер да жок, себеби алар качып кетүүгө аргасыз болушкан».
Улуу урматтуу качкындарга даректүү жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды - накталай акча, гигиеналык каражаттар, жаңы кийим жана бут кийим, тамак-аш азыктарын чогулта турган штаб түзүлгөнүн жарыялады.
Осуяттын видеосу: