2022-жылдын 9-октябрында Аламүдүн районунун Ленин айылында «Семиречск казактары» бирлиги юридикалык жактар коому тарабынан уюштурулган, Шермиции бешинчи салттуу казак оюндары өттү.
Казак оюндарына Бишкек жана Кыргызстан епискобу Савватий батасын берди. Иш-чарага казак полковниги Александр Михайлович Зуев, Россия Федерациясынын Элчилигине караштуу коргоо маселелери боюнча атташе, полковник Игорь Анатольевич Довбня, Зульхарнеев Альберт Фархатович, Кыргыз Республикасындагы Роскызматташтык Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, Ленин аймагынын башчысы Эрнес Аалиев катышты.
Рождества Богородицы храмынын алдында бир аянтчада 150дөн ашык кадет, ошондой эле Чүй облусунун казак коомунун өкүлдөрү жана майрамдын меймандары чогулду. Шермиции казак оюндары бир нече этап менен өттү. Катышуучулар ар кандай салттуу дисциплиналарда - фланкировка, кылыч менен кесүү, бычак ыргытуу, пенвматикалык куралдан атуу жана башка казак оюндарынын түрлөрү боюнча таймашты.
Майрамдын концерттик программасында Урал аскердик округунун ыр жана бий ансамбли, Каракол шаарынын жана Беловодское айылынын казактар жамааты, Кирнес Сергей жетектеген «Хмель» казактар ансамбли өнөрүн тартуулашты.