Ыйык Савватий Соловецкий күнү Бишкек жана Кыргызстан епискобу Савватийдин тезоименитствосу

  10 октября 2022   На русском
На день прп. Савватия Соловецкого тезоименитство епископа Бишкекского и Кыргызстанского Савватия

2022-жылдын 10-октябрында, ыйык Савватий Соловецкийди эскерүү күнү, епископ Савватий Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Сыйынуу литургиясын аткарды. Улуу урматтуу менен бирге епархиянын дин кызматкерлери кызмат кылышты.

Литургия аяктагандан кийин владыка Савватий дин кызматкерлери менен бирге молебен аткарышты, өзүнүн Асмандагы коргоочусуна сыйынууну окуду.

Андан кийин епархиянын катчысы иерей Александр Пелин дин кызматкерлеринин, бөлүмдүн жетекчилеринин жана епархияга келгендердин атынан куттуктоо сөзүн окуду.

 

Улуу урматтуу,

Бишкек жана Кыргызстан епискобу

ардактуу САВВАТИЙГЕ


Улуу урматтуу, кымбаттуу биздин Владыка!

Бул майрам күнү, Орус Чиркөөсү биздин ыйык атабыз Савватий Соловецкийди эскерип сыйынуу менен майрамдап жана урматтап жаткан күнү, Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматкерлеринин, монахтардын жана бардык динге ишенгендердин атынан Сиздин тезоименитство күнүңүз менен чын дилден куттуктайбыз!

       Асмандагы колдоочуңуздун ырайымына толгон үлгүсүн туу тутуп, анын сыйынуу өтүнүчү менен бекемделип, Сиз бизге акылман архипастырдын үлгүсүн көрсөтүп жатасыз, талбаган эмгек жана аталык камкордук менен Сиз тапшырылган пастваны Кудайдын жолуна алып баратасыз. Биз «Жаратканды жана Куткаруучубуз Иисус Христостун ырайымы жана таанып-билүүсү менен өсөбүз» (2 Пет 3:18)!

          Асмандагы колдоочуңуз, биздин урматтуу атабыз Савватий Соловецкийдин сыйынуусу аркылуу чың ден соолук жана бакубатчылык, рухий жана денелик күч-кубаттын бекемдигин, сиздин архипастырлык эмгектериңизге Кудайдын чексиз жана ырайымдуу жардамын, узак жана берекелүү өмүр каалайбыз!

   Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматкерлери жана динге ишенгендери.

10-октябрь 2022-ж.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.