Епископ Савватий Ленинград блокадачыларын эвакуациялоонун 80 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты

  20 октября 2022   На русском
Епископ Савватий посетил митинг-реквием, посвященный 80-летию эвакуации блокадников Ленинграда

2022-жылдын 20-октябрында СССРдин Баатыры Даир Асанов атындагы Жеңиш паркында блокадалык Ленинграддан 16 миңден ашуун адамдын, алардын 3,5 миңи баланын эвакуацияланышынын 80 жылдыгына арналган жыйын-реквием өттү. Иш-чараны Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы М.А. Кутанов тарабынан уюштурулган.

Митинг-реквиемге блокадачылар, Улуу ата мекендик согуштун ардагерлери, Владимир мектебинин, Даир Асанов атындагы лицейдин окуучулары жана окутуучулук курамы, финансылык-экономикалык техникумдун студенттери катышты.

Митингдин катышуучуларына кайрылып, епископ Савватий адамга Жаратканды туу тутуп, муктаж болгондорго кам көрүү мүнөздүү болушу керектигин белгиледи. Улуу Ата Мекендик согуш маалында Кыргызстан СССРдин курамында болуп, блокадалык Ленинграддан эвакуацияланган элге жардам берүүгө катышкан. Владыка Токтогон Алтыбасарованын эрдигин эскерди, ал 16 жашында ачка, алсыз 160 баланы кайгыдан, оорудан арылтып, өз камкордугуна алган. «Бул жаш кыз жана ага окшогон адамдар, ээлеген кызматына карабастан, эч ойлонбостон жардам берүүгө даяр болгондой – мыкты адамдар. Биз бул окуяларды эстеп, өзүбүздү ушундай дүйнө таанымга көтөрүшүбүз керек. Ошол алыскы жана оор күндөрдө муктаж болгон адамга жардам берүү табигый реакция болчу. Бул адамдык сапатты бардык адамдар: дин кызматкерлери, ата-энелер, мугалимдер тарбиялашы керек. Мектептер, маданият институттары, жалпыга маалымдоо каражаттары - элдин дүйнө таанымы көз каранды болгондун баары. Баарыбыз Кудай алдында, коом алдында жана биз тарбиялаган адамдардын алдында жооптуубуз. Кудайым баарыбызга блокадалык Ленинграддын кыйынчылыктарын эстеп, өзүбүздү жакшы жагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн берсин».

Мемориалдык комплекстеги митингдин соңунда “Эстелик каттамы” акциясы башталды. Блокадачылар, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана мектеп окуучулары менен автобус Ысык-Көлгө жөнөп кетти. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө балдар үйлөрүнө баруу, саясий, коомдук жана ардагерлер уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу каралган. Блокадачылар согуш жылдарында алсыздарды жана балдарды кабыл алып, алар үчүн жайлуу орунга айланган Кыргызстандын элине ыраазычылык сөзүн айтышты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.