Архистратиг Божий Михаил храмында маданият майрамы өттү

  18 ноября 2022   На русском
Праздник культуры состоялся при храме Архистратига Божия Михаила

Балдар ар кандай жанрдагы жана багыттагы чыгармаларды аткарышты. Кичинекей артисттер фортепиано, комуз, гитара сыяктуу түрдүү аспаптарда ойношту.

Жаш аткаруучулар угармандарды төмөндөгү чыгармалар менен кубантышты: Р. Шуман «Веселый крестьянин», аны Лаптиев Илья укмуштуудай аткарды, «Дед Мороз» ырын Селищева София аткарды, «Калинка» жана «Буги вуги» ырын Маратова Лиян, Коровициндин «Полонез» чыгармасын Труханова Лиза аткарды, Мусаева Назик украин композитору Ю. Весняктын «Нежность» чыгармасын аткарды.

Комузчу Мураталиев Нурсултан көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапты, анын аткаруусунда «Көйрөң күү» жана «Маш ботой» аттуу эки чыгарма жаңырды. Көрүүчүлөрдү жаш гитаристтер дагы кубандырды: Акунова Алина композитор Данияр Назарматовдун «Чыгыш обону» чыгармасын аткарды, Ким Вова Козловдун «Дедушкин рок-н-ролл» чыгармасын тартуулады, Никитин Артём Калининдин «Рондо» чыгармасын аткарды.

Дагы бир кызыктуу номер Лаптиев Ильянын жана Лаптиева Салумитанын фортепианодогу төрт кол менен аткаруусундагы «Непрерывные Буги» чыгармасы болду. Алардын ансамбли чыгармачыл топтордун өнөр тартуулоосунун ачылышы болду, алардан кийин дароо гитаристтер ансамбли (Акунова Алина, Ким Вова, Бушуева София) чыкты, алар «Маленький испанец» шаңдуу ыры менен кубандырышты.

Ошондой эле сахнада вокалдык музыка жаңырды. Көрүүчүлөрдүн сынына кыздар тобу аткарган «Осенний вальс» чыгармасы тартууланды. Казакова Даша «Орус элдик ырын» жана «Девчонки и мальчишки» ырын аткарды. Доганич Русландын аткаруусундагы «Берёзовые сны» ыры көрүүчүлөрдүн жүрөгүн козгоду.

Концерттин соңунда окутуучулар сөз сүйлөштү: вокал боюнча окутуучу Садырбекова Бермет Алмазбековна «Ах ты душечка» орус романсын аткарды. Фортепиано окутуучусу Цаплина Оксана Владимировнанын таланты көрүүчүлөрдү суктандырды, ал Ф. Щопендин «Фантазию экспромт» чыгармасын аткарды.

Концерт храмдын ырчысы Денисенко Елена Валентиновна тарабынан уюштурулду жана өткөрүлдү, ал дагы Беловодск музыкалык мектебинде фортепианодон сабак берет.

Концерттен кийин храмдын настоятели иерей Александр балдарга жана окутуучуларга өнөрүн тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдирип, таттуу белектерди тартуулады. Акырында баары чогуу бир дасторкондо даам сызышты. Балдар күтүүсүз жагымдуу сюрпризге – таттуу торт менен чайга ыраазы болушту!

Концертти уюштуруучуларга жана катышуучуларга майрам тартуулап, күнүмдүк түйшүктү унутуп, керемет музыка ааламына чөмүлүү мүмкүнчүлүгүн бергени үчүн чын дилден ыраазычылык билдиребиз!

Храм настоятели, иерей Александр Пелин.

 




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.