Москвада Сергей Степашиндин Бишкек жана Кыргызстан епискобу Савватий менен жолугушуусу өттү

  25 ноября 2022   На русском
В Москве состоялась встреча Сергея Степашина с епископом Бишкекским и Кыргызстанским Савватием

2022-жылдын 17-ноябрында Москвада ИППО (Императордук Православдык Палестина коому) борборунда ИППО Төрагасы Сергей Степашиндин Бишкек жана Кыргызстан епискобу Савватий менен жолугушуусу өттү.

Жолугушууга Коомдун Төрагасы Георгий Веренич, Кеңештин мүчөсү, ИППО Маданий-агартуу секциясынын жетекчиси Павел Карпухин, ошондой эле Коомдун Иш башкаруучусу Даниил Бурдыга катышты.

Жолугушуунун алкагында 2021-жылы түзүлгөн Кыргызстандагы ИППО өкүлчүлүгүнүн өнүгүү перспективалары талкууланды. Кыргыз Республикасында эски россиялык эл аралык коомдук уюмдун өкүлчүлүгүн түзүү жөнүндө макулдашууга 2021-жылдын майында Павел Карпухин менен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин жолугушуусунда жетишилген. Тиешелүү демилге ИППО Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 4-июнунда жактырылган.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары зыяратчылыкты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында орус тилин жана маданиятын колдоого жана жайылтууга багытталган долбоорлорду жүзөгө ашыруу перспективаларын талкуулашты. Маданий-гуманитардык чөйрөдө биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Жолугушуу аяктаганда ИППО Тарых музейинин директору Григорий Маневич Бишкек жана Кыргызстан епискобу Савватий үчүн ИППО Тарых музейинде экскурсия өткөрдү жана Ыйык Жердеги орустардын тарыхы, ИППО алгачкы Төрагалары – Улуу князь Сергей Александрович жана Улуу княгина Елизавета Федоровна тууралуу айтып берди.

 




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.