Епископ Савватий Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

  06 декабря 2022   На русском
Епископ Савватий поздравил Президента Кыргызстана Садыра Жапарова с днем рождения

Улуу урматтуу

Садыр Нургожоевич Жапаровго,

Кыргыз Республикасынын Президентине


Улуу урматтуу, ардактуу Садыр Нургожоевич!

Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктап, аруу тилектеримди айтам!

Бул майрам күнү Сизге бекем ден соолук, акылмандык, күч-кубат, сабырдуулук жана эң башкысы өтө жоопкерчиликтүү Мамлекет Башчысы кызматында Сизге Жараткандын жардам беришин каалайм.

Быйылкы жылы Сиз өтө жоопкерчиликтүү чечим кабыл алдыңыз – Элдик курултайды чакыруу Жарлыгына кол койдуңуз, чынында элдик жыйын болду! Бул чечим менен Сиз коомдун ар бир мүчөсү үчүн өтө баалуу болгон адилеттүүлүктүн майтарылбас салттарына таянып, алардын акылмандыгы кыргыз элинин башчыларына мамлекетти башкаруусуна жол берген ата-бабалардын осуяттарын аткардыңыз.

Өз кезегинде азыркы замандын глобалдык чакырыктарын эске алуу менен, Орус православ чиркөөсүнүн жетекчилиги улуттар аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатат. Евангелия чындыгынын түбөлүктүү принциптерине басым жасоо менен, Кыргызстандын православ жамааты Улуу Манастын осуяттарына үндөш, жарандык коомдун биримдигин сактоону көздөйт.

Улуттар аралык ынтымак принциптеринде коомчулук менен байланышты өнүктүрүү жаатындагы принципиалдуу позицияңыз үчүн, жарандардын жыргалчылыгына кам көргөнүңүз үчүн, өлкөнүн экономикалык көз карандысыздыка жетишин көздөп жасап жаткан кадамдарыңыз үчүн, билим берүү чөйрөсүндөгү жана жаштар саясатындагы терең өзгөрүүлөр үчүн Сизге ыраазычылык билдиргим келет.

Улуу урматтуу, ардактуу Садыр Нургожоевич!

Сизге жан дүйнө жана дене бой саламаттыгын, баштаган бардык жакшы иштериңизге Кудайдын жардамын, түгөнбөс күч-кубат, Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө багытталган иштериңизде ийгиликтерди каалайм.

 

Сизди терең урматтоо менен,

 

Бишкек жана Кыргызстан епискобу




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.