Сретение Господне майрамында епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын жетектеди

  16 февраля 2018   На русском
В праздник Сретения Господня епископ Даниил возглавил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 15-февралында, сүрбыштак жумалыгында, Биздин Иисус Христтин Сретения Господа майрамын майрамдоодо, Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Аны менен кошо собордун дин кызматкерлери дагы катышышты.

СРЕТЕНИЕ ГОСПОДНЕ

Сретение Господне майрамында Чиркөө Иисус Христтин жердеги жашоосундагы маанилүү окуяны эскерет. Кудай уулу төрөлгөндөн кийин 40-күнү Иерусалим храмына – кудай тандаган элдин диний жашоосунун борборуна алынып келинген. Моисеей осуяты боюнча (Лев. 12) эркек жынысындагы ымыркай төрөгөн аялга 40 күн бою Кудайдын храмына кирүүгө тыюу салынган. Ушул мөөнөттөн кийин Кудайга ыраазычылык жана тазартуучу курмандык алып келүү үчүн, энеси ымыркай менен храмга келген. Ыйык Дева, Кудай Энеси, тазаланууга муктаж эмес болгон, анткени ал тазалыктын жана ыйыктыктын булагын төрөгөн, бирок Ал терең урматтоо менен осуятта айтылгандарга баш ийген.

Ошол убакта Иерусалимде такыба карыя жашаган. Ал Куткаруучу Христти көрмөйүнчө, өзүнүн өлбөй турганын билген. Жогорудан берилген белги боюнча, карыя Ыйык Кудай энеси жана такыба Иосиф мыйзамдуу кааданы аткаруу үчүн ымыркай Иисусту храмга алып келген убакта ал жакка барган. Симеон ымыркайды колуна алып жана Кудайга ыраазычылык билдирип, дүйнөнү Куткаруучу жөнүндө алдын ала билгендерин айткан: «Ушул күндөн тартып, Чексиз кожоюн, Сенин айтканың боюнча тынчтык менен Сен кулуңду кое бересиң, мен өз көзүм менен Сенин куткарууңду, Сенин бутка табынуучуларды агартууга карай жарыгыңды жана Израил элинин даңкын көрдүм »). Ыйык Девага такыба Симеон айтат: «Бул наристе Израилде көптөрдүн жыгылуусунун жана көптөрдүн жогору көтөрүлүшүнүн, талаш-тартыштардын себепкери болот жана Сенин Өзүңө дагы жан дүйнөңө курал согулат жана көптөрдүн жүрөктөгү ойлору ачылат».

Храмда 84 жаштагы жесир аял Анна пророчица, Фану'иловдун кызы дагы болгон, “ал күнү-түнү Кудайга орозо кармап жана сыйынуу менен кызмат кылып, храмдан кеткен эмес. Ал ошол убакта храмга келип, Кудайды даңктап жана Ал (Кудайдын уулу) жөнүндө Иерусалимде арылууну күтүп жаткандардын баарына айтып берген”. Христ Төрөлгөнгө чейин бардык такыба эркектер жана аялдар дүйнөнүн Куткаруучусунун Келечектеги Мессиясына ишеним менен жашашкан жана Анын келишин күтүшкөн. Өтүп бараткан Эски Осуяттын акыркы динчилдери такыба Симеон жана Анна пророчица Кудай жана адамзат кездешкен, Жаңы Осуятты Алып жүрүүчүнү храмда жолуктурушкан.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2025 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.