16-февраль – Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниилдин туулган күнү

  16 февраля 2018   На русском
16 февраля – день рождения епископа Бишкекского и Кыргызстанского Даниила

2018-жылдын 16-февралында, архиерей резиденциясында дин кызматкерлери жана епархия кызматтарынын жетекчилери епископ Даниилди туулган күнү менен куттукташты.

Улуу урматтуу, биздин кымбаттуу Башчыбыз Даниил!

Зор кубануу менен Сизден туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөгүбүздөн куттуктообузду кабыл алып коюуну өтүнөбүз!

Чиркөө менен ажырагыс байланышкан Сиздин бүтүндөй жашооңуз баарыбыз үчүн момундуктун, зор ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн жана кынтыксыз сүйүүнүн ачык мисалы болуп саналат!

Биздин епархиядагы кызматыңыз менен, Сиз, биздин кымбаттуу Башчыбыз, өзүңүздүн атадай камкордугуңуз менен, биздин жан дүйнөбүзгө тынчтык тартуулап жана биздин жүрөктөрдү жылытасыз. Өзүңүздүн адамдарга болгон кылдат мамилеңиз менен, Сиз биздин Республиканын бардык жашоочуларынын чыныгы сый-урматына татыдыңыз жана бизге мындай архипастырды берген Жаратканга биз терең ыраазыбыз!

Сиз үчүн жана биз үчүн маанилүү бул күнү, кымбаттуу Башчыбыз, Сиздин туулган күнүңүздө, биз Кудуреттүү Кудайга жана Куткаруучуга Сиздин жыргалчылык жөнүндө өзүбүздүн терең жана чын жүрөктөн чыккан сыйынуубузду жеткиребиз жана Сизге узун жана узак өмүр, руханий жана дене бой күчүнүн бекемдигин, ошондой эле түгөнбөгөн жана берешен Кудайдын жардамын каалайбыз!

Мындан ары дагы Сиздин Чиркөөнүн жана Жараткан элинин жыргалчылыгына жана гүлдөп өсүшүнө карай Кудайга кызмат кылуууңузда, Ыйык Рух жөнүндө чексиз кубаныч Сизди бекемдесиң жана дем берсин!

Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын Клириктери,
епархия бөлүмдөрү




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.