Улуу Посттун биринчи күнү епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Андрей Критский канонун окуу менен кечки сыйынууну өткөрдү

  21 февраля 2018   На русском
В первый день Великого поста епископ Даниил совершил повечерие с чтением канона Андрея Критского в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 19-февралында, Улуу посттун биринчи жумалыгынын дүйшөмбүсүндө Касиеттүү Даниил, Бишкек жана Кыргызстан епископу, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Андрей Критский канонун окуу менен кечки сыйынууну өткөрдү.

Андрей Критский канону – бул өзгөчө руханий жаратуу. Бул адамдын жан дүйнөсүнүн Кудай менен аңгемелешүүсү, ошондой эле бул дүйнөнүн жаралуусунан тартып биздин Иисус Христтин жердеги өмүрүнө чейинки библия окуялары жөнүндө эскерүү. Бардык Ыйык Жазуу ушул канондо батырылган. Канондо эң башкысы –жан дүйнө Кудайга жакындап жана Кудайдан өмүр жана кечирим, оң жолго салууну жана кайрымдуулукту өтүнгөндөгү тобо кылган рух. Бул канонду окуу менен, биз ага кулак салып, анык тобо кылууну жана оң жолго түшүүнү үйрөнүшүбүз керек. Канонду окуу олуттуу акыл жана насаат берет.

Тобо кылуу – бул жан дүйнөнүн абалы. Ал жок жерден эле алынбайт. Руханий кыйынчылыктарды тартууда, ал бойго бүткөн бала өңдүү, бизде пайда болот жана акырындык менен өсөт. Кудай биздин тобо кылышыбызды күтөт.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2025 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.