2018-жылдын 5-апрелинде, Кумардуу Жуманын Улуу Бейшембисинде, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Улуу Василий Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды жана Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда он эки дин кызматкеринин бутун жуу чинин аткарды.
Улуу Урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, Бишкек епархиясынын катчысы протоиерей Алексий Сыромятников, Бишкек округунун благочинныйы (башчысы) протоиерей Андрей Борисенко, протоиерей Алексей Зайцев, Ыйык-Воскресенск соборунун ключары протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой, Ыйык-Казан эркектердин архиерей конок үйүнүн башчысы иеромонах Макарий (Еременко), Александр Невский храмынын башчысы иерей Евгений Циклаури, иеромонах Серафим (Шаталин), иерей Андрей Андреев, Владимир соборунун клириктери иерей Никита Чебуков, иерей Вадим Паскин, иерей Илья Меляков.
Улуу Урматтуу епископ иш-чаранын алдында соборго келгендерге үгүт сөзүн айтып, анда Кумардуу Жуманын Улуу Бейшембисин майрамдоонун тарыхы жөнүндө айтып берди. Өз сөзүндө башчы динге ишенген адамдардын көңүлүн Ыйык Христос Сырларын үзгүлтүксүз причащание (кудайдын денеси, каны деп ооз тийгизилүүчү нан жана шарап) кылуу зарылчылыгына бурду жана жанын сактап калууда бул Жараткандын белегин барк албай койбоого чакырды.
Ошондой эле ал руханий жакшынакайлык аркылуу жан дүйнөнүн өлүмүнө алып келе турган, үстүртөн, кастарлабай причащание кылуу коркунучун түшүндүрүп берди.
Сыйынууда, епископ Даниил бутту жуу чинин – Улуу Бейшембиде архиерей Христтин кейибине кирип, Жашыруун Кечте өзүнүн окуучуларынын буттарын жуугандай жолун улантуу чинин аткарып, Кудай Чиркөөсүнө терең берилүү жана кызмат кылуу урматында, храмда отурган дин кызматкерлеринин буттарын жууду.
Маалымат үчүн: Улуу бейшембиде аткарылуучу бут жуу чининин евангелдик негизи катары апостоль Иоанн Богословдун Жараткан Иисус Христос “ордунан туруп, Өзүңүң үстүңкү кийимин чечип жана сүлгүнү алып, кур кылып байлайт. Андан кийин жуугучка суу куюп жана окуучуларынын буттарып жууп жана кур кылынган сүлгү менен жууйт. Алгач Христке нааразы болгон апостоль Петрдин: “Кудай! Сен менин бутумду жуушуң керекпи?” деп сурап, Жараткандын жообунан кийин жар салган: “Жараткан! Менин бутумду гана эмес, колумда жана башымды дагы жууңуз” деген өтүнүчүнө, Иисус “Бутту гана жуу керек, анткени бүтүндөй таза; жана силер дагы тазасыңар, бирок баарыңар эмес” деп жооп кылат. Бутту жууну аяктап, Христос окуучуларына алдыда боло турган саткынчылык жөнүндө айтканы” тууралуу баяны кызмат кылат (Ин 13. 2-20).