2018-жылдын 6-апрелинде, Улуу жума күнү, биздин Иисус Христтин Ыйык куткаруучу азаптарын эскерүү күнү, епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Плащаницаны көтөрүү менен кечки кудайга сыйынууну аткарды.
Улуу урматтуу Аны менен бирге кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, Ыйык-Воскресенск соборунун ключары протоиерей Андрей Кунавин, собордун клириктери иерей Георгий Дворовой, иерей Сергий Чудайкин, иерей Андрей Андреев.
Улуу жума күнү кечки кудайга сыйынуунун аягында Христос табытта жаткан Анын сүрөтү чагылдырылган Плащаницаны көтөрүү каадасы аткарылды жана Жараткандын буту-колун керип жыгачка кагуу жана Ыйык Кудай эненин ыйы жөнүндө канон окулду. Кечки кудайга сыйынуу аяктагандан кийин чиркөөгө келгендер Плащаницага жатышты.
Кечки сыйынуу аяктагандан кийин епископ өз сөзүндө динге ишенгендердин көңүлүн бул улуу күндүн өзгөчө жагымдуу тынчтыгына жана салтанатына бурду. “Бүгүн түндө биз улуу майрам – Ыйык Кудай эненин Благовещения майрамынын урматына бир эле убакта полиелейлик кудайга сыйынуу менен катар, Плащаницаны көмүү чини менен эртең мененки сыйынууну аткарабыз”, - деди башчы. Архипастырь динге ишенгендерди чыдамдуулукта, момундукта жана сабырдуулукта Кудай Энеден үлгү алууга чакырды.
Маалымат үчүн: Улуу Жума күнү Иисус Христ биз үчүн тарткан ыйык, куткаруучу жана адам чыдагыс азабы жана өлүмү орун алган жана ал Чиркөө тарабынан эскерилет.
Улуу жума күнү “биздин Жараткан Иисус Христтин ыйык жана куткаруучу азаптарынын жолун жолдоону” аткаруу менен, Православ Чиркөөсү бул улуу күндү кудайга сыйынуу менен белгилейт: Куткаруучуну Гефсиман бакчасында кармоо жана Аны архиерейлердин жана аксакалдардын азап чегүүгө жана өлүмгө жазалоо убагы (Мф. 27, 1)– эртең мененки кудайга сыйынууда; Куткаруучуну Пилатка сотко алып баруу убагы – биринчи саатта Кудайга сыйынууда (Мф. 27, 2); Жаратканды Пилаттагы сотто айыптоо убагы – үчүнчү саатта; Христтин кресттеги азап тартуу убагы – алтынчы саатта; өлүм убагы – тогузунча саатта; ал эми Христостун денесин кресттен чечүү – кечки сыйынууда эскерилет.
Улуу Жума күнү Литургия болбойт, анткени бул күнү Жараткан Өзүн курмандыкка чалган, ошондуктан Падыша Сааты аткарылат. Кечки кудайга сыйынуу күндүз саат үчтө, Иисус Христ Крестте өлгөн саатта, Христостун денесин кресттен алуу жана Аны көмүүнү эскерүү менен аткарылат. Кечки кудайга сыйынууда дин кызматкерлери Плащаницаны (башкача айтканда табытта жаткан Христтин сүрөтү) Голгофада көтөргөндөй, Престолдон (бийик үстөлдө) көтүрүшөт, жана аны алтардан храмдын ортосуна алып барышат. Плащаница өзгөчө даярдалган үстөл табытта жайгаштырылат. Андан кийин дин кызматкерлери жана бардык сыйынуучулар Плащаницанын алдында жүгүнүшөт жана анда чагылдырылган Жараткандын жараларын – Анын тешилген кабыргаларын, колдорун жана буттарын өбүшөт Плащаница үч күн бою (толук эмес) храмдын ортосунда турат, муну менен Иисус Христтин үч күн табытта болгонун эске салат.