Улуу урматтуу Даниил Благовещения жана Улуу Ишемби күнү кудайга сыйынууну аткарды

  07 апреля 2018   На русском
Преосвященнейший Даниил совершил богослужения в день Благовещения и Великой Субботы

2018-жылдын 7-апрелинде түнү, Кумарлуу жуманын Улуу Ишембисинде, Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Плащаницаны көмүү чини менен Ыйык Кудай Эненин таңкы Благовещения жөрөлгөсүн аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен чогуу кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, Ыйык-Воскресенск соборунун ключары протоиерей Андрей Кунавин, собордун клириктери иерей Георгий Дворовой жана иерей Андрей Андреев.

Бул күндүн каадасы боюнча, эртең мененки сыйынуунун аягында, соборду айланып Куткаруучунун Плащаницасы менен Кресттик Жүрүш аткарылды.

Эртең мененки сыйынуудан кийин, Улуу урматтуу Даниил Улуу Василий Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Кудайга сыйынуу литургиясы аяктагандан кийин Улуу Ишембинин сыйынуу Уставында жазылгандай, нан жана шарап менен бата берүү аткарылды.

 




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.