Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниилдин Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын пастырларына, диакондоруна, монахчылык кылуучуларына жана бардык ишенимдүү балдарына Пасхадагы кайрылуусу

  07 апреля 2018   На русском
Пасхальное послание епископа Бишкекского и Кыргызстанского Даниила пастырям, диаконам, монашествующим и всем верным чадам Бишкекской и Кыргызстанской епархии

«Анык ыйык жана салтанаттуу, куткаруучу түн жарык күндөн дагы жарык болот, жакшы кабар жеткирет: Жарык чачып, табыттан туруп тирилет» (Ыйык Пасха Канону, 7-ыр).

 

Кудайды сүйгөн урматтуу пастырлар жана диакондор,
кудайды сүйгөн иноктор жана инокиндер,
кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар!

ХРИСТОС ТИРҮҮ!

Кылымдан кылымга, миңдеген жылдар боюнча, дүйнө жүзү боюнча Христос Чиркөөсүнүн ишенимдүү балдары бул түнү ыйык храмда жана соборлордо чогулушат. Ал миңдеген шамдар менен жаркырайт. Ошол себептен гана бул эң жарык жана ыйык түн эмес. Ал Хрисостун Тирилишинин унутулгус даңкы менен жаркырайт! Көптөгөн адамдар бул түнү үй-бүлөсү менен, өзүнүн эң жакын адамдары менен бирге: «Христос өлгөндөрдүн арасынан тирилди, адамдарды күнөсүнөн арылтты!» деген ынанымдуу жана кубанычтуу пасха жаңылыгын угуу үчүн толкунданткан жана шаттуу каалоосу жана күтүүсү менен храмга келишет.

Кайгы жана азап, жашоонун машакаты жана кыйынчылыктары келет жана кетет, бирок Пасха кубанычы түбөлүк жана өзгөрүүсүз бойдон калат. Биздин жан дүйнөбүздө жана жүрөгүбүздө бекемдеген пасха кубанычы жана Христостун Тирилишинин жарыгы ар бир адамга анык ага-ини жана эже-карындаш болуу үчүн бизди сүйүү жылуулугу менен жылытат.

Ыйык апостол жана евангелист Иоанн Богослов деп күбөлөндүргөн: «Кудай дүйнөнү ушунчалык жакшы көргөндүктөн, ар бир Ага ишенген адам  өлбөй, түбөлүк жашоого ээ болушу үчүн Өзүнүн Жалгыз Уулун берди» (Ин. 3, 16). Биз бул Түбөлүк жашоого Христостун Тирилиши менен ээ болобуз. Биз үчүн, биздин күнөөлөрдү жуу үчүн жерге Кудайдын Уулу түшкөн; Жалгыз Күнөөсүз Ал Крестте азап чеккен жана өлгөн; бизге Христос Өзүнүн Тирилиши менен түбөлүк жашоого жол ачып берди. «Жараткан бизди өз балдарындай сүйөт», – дейт ыйык Силуан Афонский.

Тирилген Куткаруучу Христос Өзүнүн Чиркөөсүн ачып жана ага Ыйык Рухтун өзгөчө кайрымдуу күчүн тартуулаган, ал ар бир  Христоско ишенген адамга кайрат берет. Ыйык Чиркөө Христостун Тирилиши аркылуу ар бир адамдын жүрөгүндө Кудайдын Падышалыгынын жашашына, биз апостоль Павел менен бирге: “мен эми жашабайм, бирок менде Христос жашайт” деп жар салуубузга шарт түзөт (Гал. 2, 20).

Ыйык Чиркөө нечен кылымдан кийин бизге евангелия окуусун жана аны менен бирге пасха жаңылыгын жеткирди. Тирилүү окуясы – бул тарыхый факты гана эмес, Иисус Христостун аркасында Асман Падышалыгында түбөлүктүүлүккө биригүү аркылуу өлүмдү жеңүү мүмкүнчүлүгү тартууланган ар бир адамдын жеке жашоосунун чындыгы. Ыйык Симеон Жаңы Богословдун сөзүндө айтылат: «Христостун тирилиши бул биздин жеке тирилүүбүз!». Тилекке каршы, бүгүнкү күндө баарыбыз эле биздин жеке жашоону жана биздин жакындарыбыздын жашоосун өзгөртүүгө жөндөмдүү анык жана бекем ишенимге ээ эмеспиз. Христосто жашоонун өзгөрүшү – бул бизди жашоонун толуктугуна алып келүүгө жөндөмдүү, өзүбүздөгү жана курчап турган дүйнө менен болгон өз ара мамиленин өзгөрүшү. Ыйык Пасха майрамы бизге тарыхта да, ар бир адамдын жашоосунда да пайда боло турган биз жөнүндө Кудайдын оюн сезүүбүзгө жардам берет. Тирилген Христос тууралуу кубаныч менен, динге ишенгендердин жүрөгү күнөөгө жана жамандыкка, каардуулукка жана жек көрүүгө каршы турууга даярдык менен толукталат. Бизди кыйынчылыктар токтотпосун, биз Жараткандын сөзүн эстен чыгарбайбыз: «Мен силерге айтам, силер Менден тынчтык табасыңар. Дүйнөдө кайгыга батасыңар; бирок эрктүү болгула: Мен дүйнөнү жеңдим» (Ин. 16, 33).

Биз баарыбыз, Христос Чиркөөсүнүн балдары, Кудайдын улуу белегин – бүтүндөй адам баласына Христостун Тирилиши жөнүндө жана дүйнөнүн күнөөдөн жана өлүмдөн куткарылганы жөнүндө Жакшы Жаңылыкты жеткирүү белегин алдык!

Бул Пасха анын алдында Ыйык Кудай энени Эскерүү болуп өткөнү менен өзгөчө эсте калат. Эскерүү жана Тирилүү – бул башталыш жана урматтоо, Христосто биздин куткарылганыбыз. Эскерүү жана Тирилүү – бул бир Улуу Сырдын эки тарабы. Бүгүнкү күндө жердеги жана Асмандагы жана бүткүл Ааламдагы ар бир жан өзгөчө кубаныч менен шаттанат!

Кудайды сүйгөндөр, боордош кыргызстандыктар, кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар! Баарыңыздарды жарык чачкан Христостун Тирилиши майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сыйынуу менен Кыргызстандын бардык жашоочуларына Ыйык Чиркөөнүн жана биздин Ата мекендин урматына бардык ата мекендик жарандык жана чиркөөлүк эмгектерде Кудайдын кайрымдуу жардам кылуусун каалайм! Тарыхый калыптанып калгандай, православ христиандарынын Пасха майрамына Кыргызстандын берекелүү жеринде жашаган бардык адамдар өзгөчө кубаныч менен мамилесин билдиришет. Пасха майрамы бизге Иисус Христостун Тирилиши жөнүндө ишенимди жана кубанычты тартуулоо менен, ар бирибиздин жан дүйнөбүздө туруктуу жашасын. Бул чеги жок кубаныч бүтүндөй биздин жашоону толтурсун. Куткаруучунун жаратман сүйүүсүн кабыл алып жана ыйык апостоль Иоанн Богословдун: “ким жакшылык жасаса, ал Кудайдан” (3 Ин. 1, 11) деген чакырыгын туу тутуу менен, аны азыр кайгырып жана азап чегип жаткандар менен, кайрымдуулукка жана жөнөкөй адамдык мамилеге муктаж болгондор менен бөлүшөлү, бардык адамдарга Христостун Тирилиши жөнүндө жана Аны менен биригүү кубанычы тууралуу жар салалы!

 

Христос Тирилген!

Чынында, Христос Тирилген!


Бишкек жана Кыргызстан епископу

 

Бишкек ш.,

Христос Пасхасы, 2018-жыл




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.