Ортоазия митрополия округунун башчысы, Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентийдин архипастырларга, пастырларга, диакондорго, монахтарга жана Ортоазия митрополия округунун жалпы паствасына Пасхалык куттуктоосу

  07 апреля 2018   На русском
Пасхальное поздравление главы Среднеазиатского митрополичьего округа митрополита Ташкентского и Узбекистанского Викентия архипастырям, пастырям, диаконам, монашествующим и всей пастве Среднеазиатского митрополичьего округа

Слава Господи, преславному Воскресению Твоему!

Ангелы поют, сорадуясь нам

и предзря восполнение сонма своего;

нас же сподоби, Господи,

Тебя Воскресшего чистым сердцем славить,

видя в Воскресении Твоем

пресечение снедающего нас тления,

засеменение новой жизни пресветлой

и зарю будущей вечной славы,

в которую Предтечею

вошел Ты Воскресением нас ради.

Свт. Феофан Затворник

 

 

Кудайды сүйгөн урматтуу архипастырлар,

такыба пастырлар жана диакондор,

Кудайды сүйгөн иноктор жана инокиньялар

жана Орус Православ Чиркөөсүнүн Ортоазия митрополия округунун

бардык ишенимдүү балдары!

 

Терең руханий кубануу сезими менен сиздерге кайрылып, менин урматтууларым, сиздерди улуу окуя – майрамдардын майрамы жана салтанаттардын салтанаты болгон – биздин Кудайыбыз Иисус Христостун тирилүүсү менен куттуктайм.

ХРИСТОС ВОСКРЕСЕ!

Бул майрам көптөгөн кылымдардан бери белгиленип келет, бирок биз Христостун Тирилүүсүн ар бир жолу майрамдаганда биздин жүрөктөрүбүз, биздин адамдык табигатыбыз айтып бере алгыс тынчтык, кубаныч жана руханий жылуулук сезимдерине толуп чыгат. Биз өзүбүздү адаттан тышкары сезебиз, анткени Кайра тирилген Христос – дүйнөнүн Куткаруучусу – Өзүнүн улуу ырайымы, марттык берекеси жана Өзүнүн сүйүүсү менен бул Пасха күндөрү бизге келет.

Ал бизге пост тутуп жана сыйынып турган Ыйык Төрт-ондук ичинде Кудайдан сурап алган ички дүйнөбүздүн тазалыгына жараша келет. Ырайымдуу Кудай баарыбызды бул улуу салтанатка чакырып, баарыбызга келет жана Анын кубанычына кирүүгө чакырат. Святитель Иоан Златоуст айткандай, “пост туткандар жана тутпагандар, баарыңар кубангыла, жалпы дасторкон жайылды, баарыңар андан ырахат алгыла”.

Кудайдын ырайымы, бизге жана жалпы адам баласына болгон сүйүүсү кандай керемет! Кудай өзүн Крестке кердирип, бизди күнөөдөн, каргыштан жана өлүмдөн арылтуу үчүн чоң азап тарткан. Өзүнүн даңктуу тирилүүсү менен өлүмдү жеңди, тозокту жеңди, азезилди жеңди жана бизге Кудай менен жана бардык ыйыктар менен түбөлүк жана бакубат жашоону бирге сүрүү үчүн берди. Биз кудай бизге бергендердин баарын кабыл алышыбыз керек. Ал бизге түбөлүк жашоо берет, кайгы жок, капачылык жок, өкүнүч жок болгон бакубат түбөлүк жашоо берет. Ал бизге апостол Павел айткандай “кулак укпаган, көз көрбөгөн, адамдын жүрөгү сезе элек, Кудай Өзүн сыйлагандарга даярдап койгон” жакшылыкты берди (1Кор. 2:9).

Бирок, тилекке каршы, заманбап цивилизация динден, Кудайдан, түбөлүк жашоодон бизди алыстатып, Кудайдын Уулунун, дүйнөнүн Куткаруучусунун каны менен, азап тартуусу менен келген жакшылыктардын баарынан ажыратуу үчүн бардык аракетин көрүп жатат. Бизге жердеги материалдык байлыктын артынан түшүүнү сунуш кылып жатышат, биз ошону менен алек болуп жатабыз... Ушунчалык алектенгендиктен, өзүбүздүн жаныбыз жөнүндө, Кудай жөнүндө, түбөлүк бакубат жашоо жөнүндө ойлонууга убакыт калбай жатат. Бизге ар кандай ыңгайлуулуктарды, кумарды жана ар кандай көңүл ачууларды сунуштап жатышат, алардын максаты – бизди христиандык баалуулуктан ажыратуу. Биз жеңил ойлуулук менен кабыл алып жаткан ыңгайлуулуктар бизди уялуу сезиминен жана абийирден ажыратып жатат, ал эми бул сапаттар ар кандай кылмыштан оолак болуу үчүн бизге абдан керек.

Бирок биз акылдуу болушубуз керек жана убактылуу дүйнөдө жакшынын кейпин кийип алуу менен бизди христиандык балуулуктардан, Кудайдан, түбөлүк бакубат жашоодон азгырып кетип жаткан жасалма нерселерди ажырата билишибиз зарыл. Апостол Павел бизге минтип эскерткен: «Абайлагыла, коркунучка бара жатасыңар… Ойлонуп иш кылгыла, Кудайдын айткандарын унутпагыла» (Еф. 5:15,17).

Ошондуктан, кымбаттуу аталар, ага-инилер жана эже-карындаштар, азыркы дүйнөнүн бардык азгырыктарына туруштук берүү үчүн диндин тазалыгын жана бекемдигин сактоого аракет жасайлы. Биздин алгачкы азап тартуучулардын мисалын, Орус Чиркөөсүнүн ХХ кылымдагы жаңы азап тартуучуларынын мисалын эстеп, азаптар менен кыйноолорго бекем тургандарын эстеп, биз дагы туруктуу болушубуз керек, кыйноолордо дагы, дүйнөнүн азгырыктарында дагы – ыңгайлуулуктарга, ырахаттарга жана ар башка адепсиз иштерге каршы динибизди бекем кармайлы, аны эч качан сатпайлы.

Бизге Кудай Жаратуучу берген кылымдык нравалык баалуулуктар менен жашап, аларды сактап-коргоп, Тирилип келген Христ үчүн жакшы иштерди жасоо менен биз убактылуу дүйнөдө жашоо үчүн зарыл болгон материалдык байлыктарды гана эмес, түбөлүк жашоо үчүн зарыл болгондордун баарын ала алабыз.

Жерде такыба жана Кудайды сүйүп жашоо менен биздин жердеги жашообузга дагы бир баалуулук – дүйнөнү жаратуу келет. Согуштар жердеги адамдардын күнөөгө толгон жашоосунан улам чыгат, ал эми биз нравалык баалуулуктарды сактап жана аларга ылайык жашаганда гана тынчтык жаралат.

Азыр Ортоазия митрополия округундагы мамлекеттердин жетекчилери биздин өлкөлөрдүн элдери тынчтыкта, ынтымактуу жана бакубат жашоосу үчүн бардык чараларды көрүп жаткан учурда биз баарыбыз мындай жакшы иштерге көмөк көрсөтүшүбүз керек жана өзүбүздүн жогорку нравалуу жана руханий жашообуз менен биздин ынтымагыбызды чыңдашыбыз керек.

Бизди бөлүп-жарган нерселерден – нааразычылыктан, жаман сөздөн жана баарын сындап-талдай берүүдөн оолак болушубуз керек. Ал эми бизди бириктирип турган нерселерди сактап-көбөйтүүгө умтулушубуз керек. Эң башкысы – барга каниет кылып, Кудайдын бергендери үчүн ыраазылык айтышыбыз керек, ошондо Кудай бизге көптү берет, биз күтпөгөн нерселерди дагы берет. Апостол Павелдин айтканы боюнча, биз жогору тургандарга “коркуу жана сыйлоо менен, чын жүрөгүбүз менен баш ийишибиз керек, адамга жагынгандай көргөзмөлүү эмес, Христтин кулу катары, Кудайдын буйруктарын чын дилден аткаруу менен, адамга эмес, Кудайга ак ниет кызмат өтөө менен баш ийишибиз керек, ар бир адам жасаган кайрымдуулугуна, жакшы иштерине жараша Кудайдан жакшылык алаарын билишибиз керек”  (Еф. 6:5-8).

Кымбаттуу архипастырлар, пастырлар, диакондор, иноктор жана  инокинялар, такыба адамдар! Дагы бир жолу сиздерди жамындыкты жакшылыктын жеңиши менен, өлүмдү өмүрдүн жеңиши менен, кайра тирилип келген Христос – биздин жаратуучу Кудайыбыздын жеңиши менен куттуктайм!

 

Улуу Христостун Пасхасы менен кут болсун!

«Кудай Ата жана Кудай Иисус Христ ага-туугандарга тынчтык жана ырайым берсин. Биздин жаратуучубуз Иисус Христти сүйгөндөргө бакубат жашоо берсин” (Еф. 6:23-24).

 

ХРИСТОС ВОСКРЕСЕ! ВОИСТИНУ ВОСКРЕСЕ ХРИСТОС!

Викентий,

Ташкент жана Өзбекстан митрополити,

Ортоазия митрополия округунун башчысы

 

2018-жылдын 8-апрели,

Ташкент, Өзбекстан

 




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.