Радоница күнү епископ Даниил княгина Ольга храмында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  17 апреля 2018   На русском
В день Радоницы епископ Даниил совершил Божественную литургию в храме княгини Ольги

2018-жылдын 17-апрелинде, Пасха боюнча 2-жумада, Радоница маркумдарды эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил улуу княгина Ольга храмында Кудайга сыйынуу литургиясын жана маркумдарды эскерүүнү аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Алексей Зайцев, протоиерей Алексей Сыромятников, иерей Георгий Дворовой.

Литургиянын аягында Улуу урматтуу Ал насаат сөзү менен чиркөөгө келген адамдарга кайрылды.

«Кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар, бүгүн Радоница күнү. Жараткан – өлгөндөрдүн Кудайы эмес, бирок тирүүлөрдүн Кудайы. Жараткан үчүн баары тирүү. Бүгүн биз Асман Чиркөөсүн, бардык биздин көзү өтүп кеткен туугандарыбызды жана жакындарыбызды эскеребиз жана алардын жаткан жери жайлуу болуусу үчүн сыйынабыз. Бул күн Радоница деп аталат, бул сөздү которгондо кубаныч дегенди түшүндүрөт. Биз Жердеги Чиркөө Асман Чиркөөсү менен Пасха кубанычын бөлүшөбүз. Салт боюнча биз храмга келебиз, шам коеюуз, эскерүү тууралуу кат беребиз, андан кийин сөзсүз көрүстөнгө барып жана бейитти тазалайбыз».

Епископ элге өздөрүнүн туугандарынын жана жакындарынын бейиттерин тазалоодо, каралбай калган бейиттерге көңүл буруп жана “биздин православ көрүстөндөр орус православ адамдары үчүн мисал болушу үчүн” колдон келишинче ал жакты тазалап коюу өтүнүчү менен кайрылды. Епископ Даниил Россияда көрүстөндөр дайыма таза экенин жана биздин көрүстөндөр дагы талаптагыдай таза болушу керектигин белгиледи, анткени эстелик сакталышы керек. «Көрүстөн – бул ыйык жай. Бул жерде эскерүү кызматы аткарылат, бул жерде сыйынышат, бул жерде православ жүрөгү жана биздин сүйүү орун алышы керек. Биз жакындарыбызды көмгөндө – биз бул жерге православ кресттерин орнотобуз жана сыйынуу менен бул жайды жарыктандырабыз. Бул ыйык жай! Биздин ыйык жайларды сактаңыздар! Ошондой эле бул биздин маданият, биздин өз салттарыбызга болгон мамилебиз. Эгер биз эстеликти жана тарыхты жоготсок – биз баарын жоготобуз, өзүбүз жоголобуз».

Сөзүнүн аягында башчы Даниил өлгөндөрдүн жаткан жери жайлуу болушу тууралуу сыйынды жана элге батасын берди.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.