Ош благочиндигинин маалыматы боюнча, Жеңиш күнү Ош шаарындагы Архистратиг Божия Михаил храмынын дин кызматкерлери, «Светоч» ПЧПМ окуучулары жана келүүчүлөрү Ош шаардык көрүстөнүндөгү Бир туугандар мүрзөсүнө барып, согушта курман болгондорду эскеришти, андан кийин “Өлбөс полк” акциясына кошулуп, Түбөлүк Отко гүлчамбар коюп, митингге катышты. “Наследие” ВПК курсанттары эстеликтин жанына ардактуу кароолго туруп, ветерандарга урмат-сый көрсөтүштү.