Успения Божией Матери храмынын Жекшембилик мектеби шаардыктарды жана келүүчүлөрдү улуу майрам – Жеңиш Күнү менен куттуктады

  09 мая 2018   На русском
Воскресная школа Храма Успения Божией Матери поздравила горожан и прихожан храма с великим праздником – Днем Победы

Жалал-Абаддан келген билдирүү боюнча, 2018-жылдын 9-майында Успения Божией Матери храмында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү-панихида болду. 

Храмдын насаатчысы - Сергий Арбузовдун жетекчилиги менен храмга келгендер жергиликтүү мэриянын имаратына барып, ал жерден мэр баштаган чоң колоннага кошулуп, Мекен Эненин эстелигинин алдындагы түбөлүк отко гүл коюшту. 

Жекшембилик мектептин окуучулары шаардык концертке катышып, иш-чарадан кийин баары чогуусу менен храмга келишип, ыраазычылык молебень окушту. Молебень бүткөндөн кийин балдар кайрадан келүүчүлөргө концерт коюп, ыр окуп, согуш жылдарындагы ырларды ырдашып, меймандарды кубантышты.

Иш-чарананын куттуктоо бөлүгү бүткөндөн кийин чай уюштурулуп, жагымдуу маектешүү үстүндө Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн элдеринин өлбөс эрдиктери тууралуу жылуу эскерүүлөр айтылды.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.