2018-жылдын 9-майында, Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниилдин ыраазычылыгы менен, жаштар иштери боюнча бөлүм катаал мезгилде Мекенди коргоп калган баатырларды эскерүү урматына Өчпөс оттун жанындагы Эмен паркында музыкалык-бий флешмобун уюштурду. Иш-чара муундардын, өлкөлөрдүн жана элдердин биримдигинин символу катары өткөрүлдү. Жаштар согуш жылдарындагы музыканын коштоосунда Жеңиш вальсын, Риорита жана башка бийлерди бийлешти, ыр айтып жана обон созушту. Балдардын демилгеси паркта ары-бери өткөн адамдарды тартты: чогулган шаардыктар жана шаардын коноктору жаштарды бий менен коштоп, кошулуп ырдашты, ырды жатка билбегендер үчүн ырдын сөзү жазылган барактар даярдалган. Бирок көпчүлүк адамдар ырлардын сөздөрүн жатка билишээрин көрсөтүштү – фронт ырларын бардык муундар сүйүп угушат жана биздин өлкөнүн ар бир булуң-бурчунда Улуу Жеңиш майрамында жыл сайын жаңырып келет.
Элдин жакшы маанайынан жана жигердүү колдоосунан улам команданын дебюту ойдогудай болгонун баамдаганга болот: жаштар бөлүмү бүтүндөй программаны акырына чейин өткөрдү, ал эми эл тарап кеткен жок, чогулгандар кубанычка балкып турушту. Жыйынтыгында, иш-чаранын соңунда баары чогуу көпчүлүк сүйүп уккан «Катюша» жана «Жеңиш күнү» ырларын аткарышты.