Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунун Алексеев кошумча алтарында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  13 мая 2018   На русском

Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Алексеевском приделе Свято-Воскресенского кафедрального собора

2018-жылдын 13-майында, Пасха боюнча 6-жумада, апостоль Иаков Заведеевди эскерүү күнүндө, Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунун Алексеев кошумча алтарында эртең мененки Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, иерей Георгий Дворовой.

Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин башчы Даниил чиркөөгө келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды.

Өзүнүн сөзүндө епископ Даниил Жараткан Иисус Христтин азиз адамды айыктыруусу жөнүндө евангелдик окуяны чечмелеп берди. “Азиз адамды ким айыктырганын андан угуп-билген иудейлер Кудай бул ишти ишемби күнү жасаганы үчүн аны жемелешет. Бул евангелдик окууда биздин руханий жашоо үчүн көп нерсе ачылат. Менин оюмча, биз сокурлук эмне экенин элестетүүбүздүн кереги жок, ал эми бул адам төрөлгөндөн тартып көргөн эмес. Анан ал күтүүсүз айыгып жана көрүп баштайт. Бул жерде ишембинин эмне тиешеси бар? Жараткан бир ирет айткан эле го, ишемби адам үчүн, бирок адам ишемби үчүн эмес. Бирок биз көрүп тургандай, иудейлер ишембиде адамды айыктырганы үчүн Аны жемелешет. Иудейлер эмне үчүн адам сокур болгонуна кызыгышат – балким ал өзү, же ата-энеси күнөөлүү болгондур. Буга Жараткан деп жооп кылат – ал адамда дагы, анын ата-энесинде дагы күнөө жок, бирок анда Кудай даңкынын кубулушу болушу керек эле. Биз дагы бул иудейлер сыяктуу адамдарды көп сындайбыз – алардын жолу болбогон соң, алар көбүрөөк күнөө жасашкандыр дейбиз? Мында, Кудайдын ойлогон оюн түшүнбөй жана билбей туруп, өзүбүз сот өкүмүн чыгарабыз. Эмне жогору турат – адамбы же мыйзамбы? Эгер мыйзам жогору болсо, анда адам дароо мыйзамдын алдында чөгөлөйт. Кайсы адам болбосун, өзүн канчалык такыба деп ойлобосун, баары бир чөгөлөйт. Албетте, мыйзам аны сактоо үчүн чыгарылат, анткени бизде жакшылык менен жамандыктын ортосунда тандоо жасоо мүмкүнчүлүгү бар. Жамандык мыйзам менен чектелген. Бирок мыйзам баарына бирдей, жана ар бирибиз аны бузган учурлар болот. Өзүбүздү байкабай, биз дайыма аны башкалар кантип бузганын көрүүгө даярбыз. Анткени бул мыйзамдын артында Жаратканды, Анын сүйүүсүн көрбөйбүз. Өзүбүз дагы сүйүүгө ээ болбойбуз, ошондуктан ойлонбостон, сынга алабыз. Мыйзам ар бир адам өзү аны кантип сактап жатканына байкоого алуусу үчүн берилген. Бул учурда биз сүйүү менен өсөбүз. Биз мыйзам боюнча башка адамдарды адилеттүү сынга алганды жакшы көрөт эмеспизби. Ошентип, биз оорулуунун кылган күнөөсүнөн оорунун себебин издеген, аны буга чейин сокур болуп жана эми көзү көрүп калганы үчүн сынга алган бул иудейлерге окшоп калбашыбыз керек. Кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар, келиңиздер, жашоо булагынан сузуп алып жана өз жүрөгүбүздү өз жакындарыбызга карата сүйүү менен толтуралы. Ар кимди сындабай, биринчи кезекте өзүбүзгө көзөмөл кылалы”.

Үгүттү аяктагандан кийин Улуу урматтуу Ал бардык чогулгандарда тынчтыкты, акылмандыкты жана сүйүүнү каалады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.