«Кант» авиабазасында жазуучу Виктор Николаев менен чыгармачылык жолугушуу өттү

  06 июня 2018   На русском
На авиабазе ОДКБ «Кант» прошла творческая встреча с писателем Виктором Николаевым

«Кант» авиациялык базасында Ооганстан согушунун ардагери, запастагы майор, Кызыл Жылдыз орденинин ээси, жазуучу Николаев Виктор Николаевичтин лекциясы өттү.

Иш-чара Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин ыраазычылыгы менен уюштурулган. Авиабазанын аймагында бул иш-чаранын уюштуруучусу динге ишенген аскер кызматкерлери менен иштөө боюнча командирдин жардамчысы иерей Евгений Циклаури болду.

Эске сала кетсек, Виктор Николаев “Жардамдагы тирүү жан” (Ооганчынын каттары), “Муундан муунга”, “Атасыздык”, “Негизги тууралуу ойлонуу убагы” (Шамордин окуялары) китептери, аскер кызматкерлери, ошондой эле эркинен ажыратуу жайларында камакта отургандар менен жолугушуулары аркылуу белгилүү болгон.

Лекциянын жүрүшүндө ардагер кан күйгөн согуштагы аскердик кагылышуулар, аны менен бирге кызмат өтөгөндөрдүн эрдиги тууралуу айтып берди. Аскердик операцияны аткаруу убагында Виктор Николаевич башынан оор жаракат алган, бирок коркунучтуу операция жасалып, аман калган. Анын айтуусунда, анын аман калуусуна дарыгерлерден тышкары, анын үй-бүлөсү зор салым кошкон. Жубайы алдын ала сезип, күйөөсүнүн кырсыкка кабылаарын туят. Ал бир нече саат сыйынат, бул анын тирүү калуусуна жардам берген.

В. Николаев ар кандай абактарда болгон. Камакта отургандар жана өлүм жазасына өкүм чыгарылган адамдар менен баарлашкан.

Ал өзү күбө болгон, ойлонгон жана санаа тарткан нерсенин баары анын повесттеринде чагылдырылган. Анын чыгармаларын бардык кесиптеги жана курактагы адамдар, өзгөчө жаштар жана аскер кызматкерлери жактырышат.

Сөзүнүн аягында Виктор Николаевич жаш армиячылар штабына өзү жазган китептерди белекке берди. Ошондой эле жазуучу жаш муунга “кечир” сөзүн унутта калтырбоо, ошондой эле өзүнүн жакындарын жана сүйүктүүлөрүн баалоо тууралуу насаатын айтты.

Лекцияга аскер кызматкерлери, алардын үй-бүлөлөрү жана «Жаңы муун» жаш армиячылар отряды катышты.

Катышкандар жазуучуга келген сапары үчүн ыраазычылык билдиришип, ошондой эле муундардын улантуучулугуна кам саноонун кереги жоктугун, анткени авиабазада татыктуу орун басуучулар жашап жана чоңоюп жатканын айтышты.

 «Кант» авиабазасынын пресс-кызматынын материалдары боюнча




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.