2018-жылдын 23-июнунда, Элүүлүктүн 4-жумасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда салтанаттуу кудайга сыйынууну аткарды.
Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой, иерей Сергий Чудайкин, иерей Олег Белотуркин, иерей Андрей Андреев.
Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин башчы чиркөөгө келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды.
«Эртең биздин Куткаруучунун окуучулары ыйык апостолдор Варфоломейди жана Варнаваны эскерүү күнүн белгилейбиз. Биз апостолдорду эскергенде, алар жараткан биздин Иисус Христке кызмат кылуу менен, кандай улуу эмгектерди кылганын эстейбиз. Жазмаларда белгиленгендей, алар биздин Жаратканды колу-бутун керип жыгачка каккандан кийин кандай дүрбөлөңдө болуп жана уялып кысылганын билебиз. Алардын ар бири Христ менен өтө жакындаган жана чын жүрөктөн азаптануу менен, өз өмүрүн кечирген. Апостолдорго Ыйык Рухтун керемети түшкөндө, алар тынчтанып, анын аркасында дүйнө жүзүнө Христтин Тирилиши тууралуу жакшы кабарды таратышкан. Бирок алардын ар бири адам тукумунун душманы – шайтандан улуу азгыруулар жана тсокоолдуктар күтүп турганын билишкен. Иоанн Богословдон башка бардык апостолдор азапка түшкөн. Эмнеге мындай болду? Жараткан аларга эскрткен – ким Менин артымдан түшсө, Мен баскан жолду басып өтөт деген. Христти жыгачка керип өлтүргөн менен, андан кийин тирилүү болгон. Биз Христтин жолун жолдоп, ыйык чокунууну кабыл алганыбызда, бизде падышанын таажысы эмес, азап чегүүчүнүн таажысы боло турганын түшүнүшүбүз керек. Албетте, бул түз маанисинде эмес – ар бир адам эле мындай бакытка жетишпейт. Бирок өзүнүн күнөөлөрү жана азаптары, жөнү жок айыптоолору, руханий жана жүрөктөн кайгы тартуулары менен күрөшүүдөгү азап чегүүчүлүк кайнап жаткан суу сымал дайыма бизди буркан-шаркан кылып турат. Бул кайгы тартуунун баары биздин күнүмдүк жашоо менен байланыштуу, бирок анда бизди куткаруунун руханий негизи дагы түптөлгөн. Эгер биз кайгыбызды туура баштан өткөрсөк, анда Христке карата өзгөчө руханий жакындоону таба алабыз. Куткаруучу баарына чоң сүйүү менен мамиле кылган. Анын оозунан – өз душманыңарды сүйгүлө деген сөз айтылган. Биз Христтин бүтүндөй кресттик жолун көрүп турабыз – Ал өзүнүн душмандарын сындабайт. Кудай Эне өзүнө Кудай табиятын алып жүргөн эмес, бирок Ал дагы сүйүү жолунда Өзүнүн Уулунун артынан түшкөн. Апостолдор дагы ушундай кылышкан. Бул сүйүү жолунда кайгы дагы бар, бирок ар бир адам жүрөгү үчүн улуу жубатуу дагы бар. Биз сыноолордон өтүү менен жамандыкты таанып билүү менен, жакшылыкты, үмүттү жана жубатууну дагы таанып биле турганыбызды эстен чыгарбашыбыз керек».
Сөзүнүн аягында епископ Даниил чиркөөгө келген адамдарга Кудайга бекем ишенимди, токтоолукту, үмүт үзбөөнү каалады жана бардык адамдарды жараткан Иисус Христ өңдүү өзүндө курмандык сүйүүнү өркүндөтүүгө чакырды.