Ысык-Көлдө ар жылдык «Кыргызстандын руханий мурасы» Балдар-өспүрүмдөр фестивалынын ачылышы болду

  27 июня 2018   На русском
На Иссык-Куле состоялось открытие ежегодного Детско-юношеского фестиваля «Духовное наследие Кыргызстана»

26-июлда «Дзержинец» балдардын ден соолукту чыңдоочу лагеринде (Чок-Тал а.) «Кыргызстандын руханий мурасы» VII Балдар-өспүрүмдөр фестивалынын ачылышы болду. Фестивалдын уюштуруучулары – Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын жаштар иштери боюнча бөлүмү жана билим берүү жана катехизация бөлүмү. Фестивалдын программасы иш-чараларга абдан бай, спорттук мелдештерди өткөрүү пландалып жатат, анын ичинде Бишкек шаардык шашки федерациясы тарабынан шашки боюнча чемпионат өткөрүлөт. Ошондой эле пляжда жана сууда көптөгөн мелдештерди өткөрүү пландалган.  

Мындан тышкары интеллектуалдык иш-чараларга жана чыгармачылыкка арналган күндөр пландалган. Ташта сүрөт тартуу, “муздак фарфордон” жабыштырып жасоо, аба жыландарын даярдоо ж.б. боюнча бир нече мастер-класс өткөрүлөт.

Фестивалдын эң маанилүү бөлүгү балдарды жана жаштарды руханий өнүктүрүү болуп саналат. Бул максатта күн сайын интерактивдик иш-чараларды өткөрүү пландалууда, анын алкагында 8 дин кызматкери бардык катышуучулар менен заманбап коомдогу эркиндиктин жана жоопкерчиликтин катышы темасында баарлашат.

Фестивалдын уюштуруучулары Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы чиркөө коомдорунан балдарды жана жаштарды бириктирди. Жалпысынан жаштар иштери боюнча бөлүм бул жылы иш-чараларды уюштурууга карата сапаттуу жаңы ыкманы көрсөтө алды.

Эгер мурун фестивалга келген балдар өзүнүн чиркөө коомунан келген балдар менен жашаса, бул ирет өлкөнүн ар башка региондорунан келген балдарды жана жаштарды бириктирүү максатында баары отряддарга бириктирилди.

Келген күнү, кечинде “таанышуу оту” болду, анда ар бир отряд өзүнүн эмблемасын, аталышын, ураанын жана чыгармачылык номерин тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн алды. Фестивалдын катышуучуларына амандашуу сөзү менен жаштар иштери боюнча бөлүмдүн жетекчиси – иерей Илия Меляков жана билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн жетекчиси– протоирей Андрей Кунавин сүйлөдү. Алар бардык катышуучуларды фестивалдын ачылышы менен куттуктады жана аны ийгиликтүү өткөрүү ниетин билдиришти. 

Жолуң шыдыр болсун, фестиваль!




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.