Ташкентте Орто Азия митрополия округунун Синоду болуп өттү

  28 июня 2018   На русском
В Ташкенте прошел Синод Среднеазиатского митрополичьего округа

Орто Азия митрополия округунун Синодунун жайкы отуруму Ташкент жана Өзбекстан митрополия округунун башчысы Викентийдин төрагалыгы алдында 2018-жылдын 26-27-июнунда Ташкент жана Өзбекстан епархиясынын Руханий-администрациялык борборунда болуп өттү. Округдун Синодунун отурумуна Пятигорск жана Черкесск архиепискобу, Түркмөнстандагы Патриархтык приходдордун убактылуу башкаруучусу, Дүйшөмбү жана Түркмөнстан епискобу Питирим, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил катышты.

Синоддун жайкы сессиясында 17 журнал каралды. Аларда Округдун епархияларынын 2018-жылдын апрелинен июнь айына чейинки мезгилдеги иштери чагылдырылган. Журналдарды карап чыгуу боюнча иштердин жыйынтыгын чыгарып жатып митрополит Викентий төмөнкүлөргө токтолду:

“Бүгүн биз 17 журналды карап чыктык. Биздин акыркы Синод өткөн учурдан тартып бир нече айдын ичинде ар бир епархия көптөгөн жакшы иштерди жүргүзүптүр. Булар Ыйык Пасха жана андан кийин ар бир епархияда жасалган иштердин көрсөткүчтөрү. Биз маданий, социалдык, жаштар багытындагы көптөгөн иш-чараларды өткөрдүк. Ыйык Патриарх Кирилл бизге айткан нерселерди биз аткарып жатканыбыз кубанычтуу. Ыйык Синод кайсы-бир чечимди кабыл алса аларды биз жүзөгө ашырып жатабыз. Албетте, Архиерейлик собор кандайдыр-бир чечим чыгарганда биздин Орто Азия митрополия округу дагы ошол чечимдер менен жашайбыз. Биз Кудайдын буйругун аткарабыз. Биздин региондогу Православ Чиркөөсүнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн биз эмне иштерди жасашыбыз керек экенин Чиркөө айтып турат. Бул абдан маанилүү, анткени биз крестке керилген жана кайра тирилген Христ жөнүндө тастыктап, биздин православ динибизди күбөлөндүрүп турушубуз керек. Кудайга шүгүр, биз аны аткарып жатабыз.

Биздин миссиябыз – сыйынуу, эмгектенүү жана аракеттенүү. Бизди Кудай колдойт – улуу күч, биздин жашообуздагы жамандыкты токтотуп турган күч, жана бизди эмгек менен байгерчиликке жеткире турган күч колдоп турат”.

Жооп сөзүндө архиепископ Феофилакт меймандостугу үчүн митрополит Викентийге ыраазылык билдирип, биздин епрахияларга көрсөтүп жаткан практикалык жардамы үчүн Ыйык Патриарх Кириллге ыраазычылык сөздөрүн айта барууну өтүндү.  Владыка Феофилакт ошондой эле Округдун епархияларынын архиерейлеринин атынан, дин кызматкерлеринин жана ата-энелердин атынан владыка Викентийге “православ семинарийине колдоо көрсөткөнү жана Орто Азия митрополия округунун болочок пастырларына тарбия берүү үчүн аткарып жаткан эмгеги үчүн” ыраазылык билдирди.

Архиепископ Феофилакт төмөнкүлөрдү баса белгиледи: “Семинариянын бүгүнкү жашоосу биз бүгүн сөз кылган конференцияларда жаңы бийиктикке гана чыкпастан, аны менен катар эң башкы жана эң кымбат нерсеге – Орто Азиянын шарттарында салттарды сактап калууга жетишти. Сизден дайыма бизге көңүл бурууну жана биз үчүн дайыма сыйынып турууну суранабыз”.

Ташкент жана Өзбекстан епархиясынын пресс-кызматы









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.