Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунун Алексеев каптал алтарында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  02 июля 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Алексеевском приделе Свято-Воскресенского кафедрального собора

2018-жылдын 1-июлунда, Элүүлүктүн 5-жумасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунун Алексеев каптал алтарында эртең мененки Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, иерей Георгий Дворовой.

Литургия аяктагандан кийин башчы Даниил чиркөөгө келген адамдарга архипастырлык сөзү менен кайрылды.

Өзүнүн кайрылуусунда епископ Даниил гадаринчилер шайтандарды куугунтукка алууда көрүнгөн Жараткандын кереметин көрүп жана бүтүндөй шаар чыгып жана Жараткандан «Ал алардын чегинен чыгуусун» өтүнгөндөгү евангелия окуусун чечмелеп берди (Мф. 8:34). «Бул жерде эки жин баскан адам жашаган, алар күмбөздөрдү тоношчу. Бул адамдарда бүтүндөй шайтандар тобу жашачу. Адамдар алардын коркуп, бул жерлерди айланып өтүшчү, анткени алар абдан каардуу болушкан. Жараткан бул жерге атайын келип жана Өзүнүн сөзү менен шайтандар тобун жөнөтөт, аларды чочколордун үйүрүнө жөнөтөт, үйүр аскадан деңизге кулайт. Бул окуяда кумардануубуз жана алсыздыгысыз менен күрөшпөсөк жана алар үчүн тобо кылбасак, алар эмнеге алып келээрин биз ачык көрөбүз. Ички шайтанчылык дагы болот, ал  Иоанн Златоусттун айтуусунда, күнөөгө жана биздин кумарданууга кызмат кылууда турат. Биз өз күнөөлөрүбүз менен күрөшкөндө – тобо кылабыз, ыйык тартууларды кабыл алабыз – биз бул ички шайтанчылык менен күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Кээде бул биз кудайга сыйынууда өзүбүздү кандай алып жүрө турганыбызда байкалат. Биздин оюбуз кайда багытталган – сыйынуугабы, же биз башка адамдарды карап жана алардын жүрүм-турумун талдоого алабызбы? Кудайга сыйынуудагы биздин элегейлик биздин ичибизде адамдык кумардануулар буркан-шаркан түшкөнүнөн улам болот. Гадарин жин кирген адамдарынын мисалында биз шайтандардын табиятын көрөбүз. Жараткандын айтуусу боюнча алар адамдардан чыкканда, чочколордун үйүрүнө жөнөшөт, алар буга чыдабай жардан кулап түшөт. Шайтандардын табияты ушунда, алар жан дүйнөнү жана денени жок кылууга умтулушат».

Башчы Даниил чиркөөгө келген адамдар менен жин басуунун учуру болуп саналган, өзүн өзү өлтүрүү фактысы боюнча өзүнүн кайгыруусу менен бөлүштү. Өзүн өзү өлтүргөндөр Ыйык Рухка карата күнөө жасашат жана алар кечирилбейт. «Жаштар кантип мындай коркунучтуу чечимди кабыл алышты, алар буга кантип барышты? Бул коркунучтуу руханий көйгөйдүн булагы шайтандар болуп саналат. Азыркы адамдардын ичи бош, анын ичинде эч нерсе жок. Ал эми бул бүтүндөй бир түбү жоктук. Азыркы муун муну байкабай жатат. Бул ички жашоо кумардануу, күнөө – масчылык, баңгилер, аягы суюктук, кумар жашоо, оккультизм менен толукталат. Натыйжада мындай адамдын ичине шайтан кирип, бир нерсеге гана – өзүн өлтүрүүгө гана чакырат. Эгер биз Кудайга жакындабасак, анда биздин ичибиздеги боштук дал ушундай көрүнүштөр менен толушу мүмкүн экенин түшүнүшүбүз керек. Биздин ички турагыбыз акырындык менен шайтандардын турагына айланат. Биз жашоонун маанисин көрүшүбүз үчүн, ал Кудайга толуп турушу керек. Бизде башка жол жок».

Осуят сөзүн аяктагандан кийин Улуу урматтуу Ал келген адамдарга батасын берип жана бардыгына жан дүйнө жана дене бой саламаттыгын каалады, сыйынууга жана тобо кылууга, өз күнөөлөрү менен күрөшүүгө чакырды.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости