Епископ Даниил Сосновка айылында жаңы храм куруу үчүн пайдубалды түптөөгө катышты

  02 июля 2018   На русском
Епископ Даниил совершил закладку камня для строительства нового храма в селе Сосновка

2018-жылдын 1-июлунда, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Сосновка айылында жаңы храм куруу үчүн пайдубалды түптөөгө катышты.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, Беловодск округунун башчысы протоиерей Алексей Махров, улуу азап чегүүчү Димитрий Солунский храмынын башчысы протоиерей Александр Мезенцев, Ыйык-Казан эркектердин архиерейлик конок үйүнүн башчысы иеромонах Макарий (Еременко).

Епископ Даниилдин бата берүүсү менен храмдын эски имаратын бузуп жана анын ордуна жаңы храм тургузуу чечими кабыл алынган. Азыркы убакта жекшембилик мектептин имаратында кудайга сыйынуу үчүн орун жабдылган, алтарь орнотулган.

Храмдын пайдубалын түптөө иш-чарасы аяктагандан кийин епископ Даниил келген адамдарга архипастырлык сөзү менен кайрылды, анда адамдарды курулушка колдон келген жардамын берүүгө чакырды. «Мүмкүнчүлүгүңүздөргө жараша келип туруңуздар. Кээде бардык чиркөөгө келген адамдар храмдын курулушун каалашат, ал эми өздөрү буга эч кандай катышпайт жана буга жеңил ойлуу мамиле кылышат. Бул жазаланышы мүмкүн болгон жорук. Ошондуктан, мындай болбошу үчүн бардык адамдар храмды куруунун, тургузуунун түйшүгүн сезиши керек. Ал эми бул сиздердин сыйынууңуздар жана колдон келген эмгегиңер. Мына ошондо адамдын баары храм эмне экенин жана биз аны кантип аярлашыбыз керектигин, биз аны кантип өз жүргүбүздө сүйүшүбүз керектигин түшүнөт. Ошондуктан Александр атага, куруучуларга, бардык келген адамдарга Кудайдын жардам кылуусун жана бүтүндөй биздин епархия сиздер үчүн сыйынып жана жалпы ыйык ишке – ыйык храмды тургузууга жардам берүүсүн каалайм».




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.