2018-жылдын 8-июлунда, Элүүлүктүн 6-жумасында, соопкер княздар Петр жана Февронияны эскерүү күнү Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ананьево айылында ыйык Николай Чудотворецтин атындагы храмда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.
Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: храмдын башчысы протоиерей Виктор Журавлев, протоиерей Валентин Никонов, иерей Георгий Дворовой.
Соопкер княздар Петр жана Феврония үй-бүлөнү жана никени колдоочулар болуп саналат. Алардын никеси көп кылымдан бери христиандык күйөөсү-аялы болуучулуктун үлгүсү болуп келет. Россияда бул күнү расмий түрдө үй-бүлө, сүйүү жана ишенимдүүлүк күнү катары майрамдалат.