9-июль – Кудай Эненин Тихвин иконасын эскерүү күнү. Епископ Даниил Караколдо Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды жана Кресттик жүрүштү жетектеди

  10 июля 2018   На русском
9 июля – день памяти Тихвинской иконы Божией Матери. Епископ Даниил совершил Божественную литургию и возглавил Крестный ход в Караколе (+ФИЛЬМ)

2018-жылдын 9-июлунда, Элүүлүктүн 7-жумасында, Кудай Эненин Тихвин иконасын урматтоо күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Каракол шаарындагы Ыйык Троица храмында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматкерлери кызмат өтөштү.

Литургиянын аягында Кресттик жүрүш жасалды. Кудай Эненин Тихвин иконасы архиерейлердин, дин кызматкерлеринин жана бардык динге ишенген адамдардын коштоосунда «Ыйык Кудай эне, бизди куткар» ыры алдында храм комплексин айланды.

Андан кийин храмга кире бериште Асман Канышасынын сыйынуусун окуу менен ыраазычылык молебан аткарылды.

Андан кийин епископ Даниил чиркөөгө келген адамдарды бул салтанат менен куттуктады. “Бүгүн биз эл Кудайдын бул берекесин сезип жатканына кубанып турабыз. Адамдар жыл сайын бул майрамга келишет жана бүгүн бул ыйыкты эскерүү жана мындан аркы эмгегине андан ыраазычылык алуу үчүн, Кыргызстандын ар кайсы жагынан келген көп элди көрүп турабыз”, - деди ал.

Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин жана калыптанып калган салт боюнча ар бир адам “Тихвин” Ыйык Кудай Эне иконасынын алдынан өтүп, ага ийилип жана Асман Канышасынан жардам сурай алды.

Маалымдама: Кудай Эненин Тихвин кейибин Ыйык Афон тоосунан Кыргызстанга 1897-жылдын жайында Түркестан жана Ташкент епискобу Аркадий (Карпинский) алып келген. Икона Түп районунун Күрмөнтү айылына жакын Жарык Булуңундагы Ыйык-Троица эркектер монастрынын Живоначальной Троица атындагы 400 адамга арналган кайрадан курулган храмы үчүн арналган. Иконада көрсөтүлгөндөй, аны “динге жана сүйүүгө ишенген бардык адамдарга белекке жана жыргалчылык жардамга” афон монахтары жөнөтүшкөн. Ошондон тартып, 119 жылдан бери бул ыйык Кыргызстан жеринде болууда. Бул жылдары Кереметтүү кейип динге ишенгендерден урматтоого, кудайды жээриген адамдар тарабынан кордоого кабылды. Кудай Эненин Тихвин кейиби ыйык жерде куугунтукка кабылса дагы, дайыма ар бир динге ишенген жүрөк үчүн өзгөчө руханий күчтү, коргоону, жардамды көрсөтүп келген жана Кыргызстан жерине болгон Кудайдын сүйүүсү тууралуу жана Кудай Эненин кайрымдуулугу тууралуу күбөлөндүрүп келген жана күбөлөндүрө берет.
 




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.